14
Октябрь
2020
Премьер-министр Садыр Жапаров жасалма мамлекеттик номери бар унаа менен шаарды кыдырып жүрөт деген маалымат боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Mercedes-Benz G-класс («Geländewagen») үлгүсүндөгү унаага жасалма 01 KG 389 AGP мамлекеттик номерин тагып, шаарды кыдырып жүрөт деген маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет:
Учурда Mercedes-Benz G-класс («Geländewagen») автоунаасына тагылган 01 KG 389 AGP мамлекеттик номери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине документтештирилген.