17
Апрель
Премьер-министр Сапар Исаков: Ата мекендик ишканалардын Евразия рынокторуна чыгышы үчүн пландуу финансылык жактан колдоолор көрсөтүлүп жатат
Узак мөөнөттүү кредит алуудагы чектөөлөр – бизнес үчүн негизги проблемалардын бири. Буга байланыштуу ата мекендик ишканалардын Евразия рынокторуна чыгышы үчүн дайыма пландуу финансылык жактан колдоолор көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.
Премьер-министрдин айтымында ишкердикти колдоо максатында өлкөнүн Өкмөтү тарабынан төмөндөгү иштер аткарылды:
- «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоору ишке ашырылды. 15 миң товар өндүрүүчүгө 6,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген кредит берилди. Бул 2016-жылга салыштырганда 1,8 млрд сомго көптүк кылат (38%) жана кредит алган товар өндүрүүчүлөр 2 миңге көбөйдү (15%);
- экспортко багытталган ишканаларга кредитти 10% менен алууга мүмкүндүк берилди. 2017-жылы 1,2 млрд сомго 93 долбоор каржыланды;
- айыл чарбасында 363 техника лизингге берилди, жалпы суммасы 530 млн сомду түздү. Бул 2020-жылга чейин 24 машина-трактордук станцияны (МТС) ачууга шарт түздү;
- «Чакан ишкердик субъекттерди микро каржылоо» программасы бекитилди. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду 24 ай мөөнөт менен 700 млн сомго жакын акчаны микрокредитке берди. Пайыздык ставкасы 14%, же микрофинансылык уюмдардын орточо алынган проценттик ставкаларынан эки эсеге төмөн болду;
- Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду 2017-жылдын аягында 823 долбоорду жактырды. Жалпы суммасы – 311 млн долл.
- Гарантиялык фонд 2017-жылы 234 долбоорго кепилдик берди, жалпы суммасы – 250 млн сом.
Бизнес жүргүзүү шарттарын жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Өкмөт бир топ иштерди аткарды.
Салык жана инвестициялык саясат жагында бир катар иштер аткарылды:
- дотацияда турган райондордо жаңы ачылган ишканаларга жеңилдиктер берилди;
- акциздик маркаларды контролдоо багытында депозиттик төлөм механизми киргизилди;
- лизингдик компаниялар КНСтен, сатуудан алынуучу салыктан бошотулду, пайдадан алынган салыктан 5%га жеңилдик алышты;
- мектептик билим берүүчү менчик уюмдар КНСтен жана пайдадан алынган салыктан бошотулду;
- кайра иштетүүчүлөр үчүн пайдадан алынган салыкка жана КНСке берилген жеңилдиктер 1-сентябрга чейин узартылды;
- тамекинин акциздик салыгы 2022-жылга чейин көбөйтүлдү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына данды жана унду ташып киргизүүнү / сатууну КНСтен бошотууну алып салдык;
- салыктык процедураларды фискалдаштыруунун электрондук системасы иштегени турат;
- Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктин статусу жогорулатылды. Эми Агенттик – инвестициялык долбоорлорду башынан баштап, аягына чейин чыгарат (“под ключ”). Бул инвесторлордун проблемаларын ыкчам чечүүгө жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жол ачат;
- 10 жылдын аралыгында инвесторго эң ыңгайлуу салык режимин тандоо укугун берүүчү Стабилдештирүү режимин колдонуу жөнүндө жобо бекитилди.
[su_carousel source="media: 115288,115299,115303" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү