12

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков гемодиализ борборунун иштеши үчүн медициналык жабдууларды убагында жеткирүүнү камсыздоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Балыкчы шаардык аймактык ооруканасындагы гемодиализ борборунун абалы менен таанышты.

Аталган борбор жаңы заманбап жабдуулары менен жеке ишкер Мирлан Исагалиевдин каражатына курулган. 2017-жылдын 1-июнунан баштап борбор бейтаптарды бюджеттик негизде кабыл ала баштаган.

Премьер-министр Мирлан Исагалиевге ыраазычылыгын билдирип, өлкөдө мындай кайрымдуулук иштери башкаларга үлгү катары болушу керектигин  баса белгиледи.

«Өлкөдө жакшы медицина тармагындагы адистер бар, алар толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп берүү керек. Аталган борбор медицна кызматкерлерине тиешелүү шарттарды түзүү жана бейтаптарга мыкты тейлөө көрсөтүү жагынан башкаларга үлгү болууда», - деди ал.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, гемодиализ көйгөйү өлкөдө абдан оор  жана аны чечүүгө комплекстүү чаралар керек. Кээде бейтаптар дарылануу үчүн өз мүлктөрүнүн баарын сатууга аргасыз болууда.

Премьер-министр Сапар Исаков саламаттыкты сактоо министрлигине борбордун иштешин үчүн медициналык жабдууларды убагында жеткирүүнү камсыздоону  тапшырды.

[su_carousel source="media: 105179,105180,105181,105182" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү