25
Октябрь
2017
Премьер-министр Сапар Исаков дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 24-октябрда, дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы –Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоо сөзү:
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлери жана ардагерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Бул майрам – Кыргыз дипломатиясын таанууда өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргогон жана коргоодо жогорку жетишкендикке жетишкен, эл аралык аренада мамлекеттин аброюн жогорулатуудагы көрсөткүч болуп эсептелет.
Өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн дипломаттардын жогорку кесипкөйлүгү жана ак ниет иши биздин мамлекеттин тышкы саясатын натыйжалуу ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Кымбаттуу достор!
1991-жылдын 31-августунда дүйнөнүн саясий картасында Кыргыз Республикасы деген жаңы суверендүү мамлекет пайда болгон. Биз эркиндик, көз карандысыздык жана өз алдынча жолду тандадык. Биздин ата-бабаларыбыз максат кылган ийгиликтерди биздин муун ишке ашырып жатканы сыймыктуу көрүнүш.
Бүгүн Кыргыз Республикасы – ынтымактуу эли жана келечекке болгон арыштуу кадамдары менен дүйнөлүк биримдиктин толук кандуу мүчөсү. Өткөн жылдарда биз көп окуяларды башыбыздан өткөрүп, көп ийгиликтерге жетиштик. Өлкөнүн эл аралык аброю, жарандардын интелектуалдык деңгээли жыл санап өсүүдө.
Өлкөгө маанилүү курулуш инфраструктаралы боюнча чет элдик инвестиция тартылууда. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы ири эл аралык иш чараларды өткөрүүдө демилгечи болууда.
Албетте өлкөдөгү коюлган максаттарды ишке ашыруу дипломатиялык кызматкерлердин аракетисиз ишке ашмак эмес. Сиздер эл аралык мамилелердин түптөлүшүнө салым кошуп, чет элдик өнөктөштөр менен татыктуу иш алып барып, актуалдуу маселелерди чечүүдө татыктуу иштеп жатасыздар.
Дипломатиялык тармактагы кызматкрелер мындан ары да Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн маанилүү чечимдерди ишке ашырууда талыкпай эмгектенип, активдүү иш алып барарына терең ишенем.
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматкерлеринин күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Бул салтанаттуу күндө сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик, чыгармачылык эргүү жана үй-бүлөңүздөргө, жакындарыңыздарга ачык асман каалайм».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтыкк камсыздоо бөлүмү