08
Январь
Премьер-министр Сапар Исаков «ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө» Мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдары
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.
Буйрукка ылайык, сөгүш Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиковго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бир катар кызматкерлери өз ыктыяры менен кызматтан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү