11
Февраль
2018
Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда, Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында «Emaar Properties» компаниясынын башчысы, ири компаниянын негиздөөчүсү, Дубайдагы эң бийик имарат «Бурж Халифанын» куруучусу Мохамед Али Алаббар менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун күчөтүү, жеке менчикти коргоо жана инвесторлор үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жигердүү чаралар жүрүп жатканын белгиледи.
«Менин Премьер-министрдик кызматымдагы алгачкы чечимдеримдин бири инвестицияларды тартууга жооптуу органдын макамын жогорулатуу болду. Эми Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо боюнча агенттик түздөн-түз Премьер-министрге баш ийген обочологон орган болуп саналат жана инвесторлордун көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырган бир катар мыйзамдарды кабыл алдык», - деди Өкмөт башчы
Анын айтымында, Өкмөт азыркы тапта 2018-2023 жылдар аралыгындагы орто мөөнөттү «Жаңы доорго 40 кадам» программасын ишке ашырууда, андагы эки негизги багыты бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруда бизнес менен мамлекет ортосундагы мамилелерди санариптештирүү жолу менен бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскарткан «Таза Коом» улуттук программасы, экинчи «Биз – бизнес менен» багытында инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө көңүл бурулган.
Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысына өлкөнүн туризм тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди.
«Кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө өзүнчө чоң багыт катары Кыргызстандагы туризм тармагын эсептесек болот. Бизде 45 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилген. Жаратылыш, тоолор, көлдөр ар мезгилдик мейманканалар бизнесин жана башка туристтик кызматтар түрүн өңүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаратат», - деп белгиледи Сапар Исаков.
«Emaar Properties» компаниясынын төрагасы Мохамед Али Алаббар өз кезегинде Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр, бийликтин алмашуу процесси жүрүп, экономиканын өнүгүшү, бизнестин колдоого алынгандыгы байкалып жаткандыгын белгиледи.
«Кыргызстандын абдан тез өнүгүшүнө мен ишенем, анткени, сиздерде жакшы лидерлер жана аябай эмгекчил жарандарыңар бар», - деди Мохамед Али Алаббар.
Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков Мохамед Али Алаббарды ушул жылдын сентябрында өтө турган III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине ардактуу конок катары чакырды.
«Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар кызматташууга кызыктар экенин билдирип, жана жакын арада Кыргызстанга келип кетээрин белгиледи.
Маалымат иретинде: «Emaar Properties» -БАЭде 1997-жылы негизделген. Компаниянын негизги ишмердүүлүгүнүн багыты Персид булуңунун аймагындагы курулуш долбоорлорун инвестициялоо болуп саналат, айрыкча Дубай жана Абу-Даби шаарларында. «Emaar Properties» компаниясында түрдүү курулуш долбоорлорго ээлик кылган 60 ашык туунду компаниялары бар. Дубай шаарында аталган компания 14 000 миңден ашык имаратка ээлик кылат.
[su_carousel source="media: 111956,111957,111958,111959" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү