31
Март
Премьер-министр Сапар Исаков геологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков геология кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын геология кызматкерлеринин күнү менен куттуктады!
«Урматтуу геология тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын геологунун күнү – кесиптик майрамыңар менен бардыгыңыздарды куттуктайм!
Кыргыз Республикасы жаратылыш ресурстарга бай, ал кең байлыктарга жол салган геологдордун бир нече муундарынын арыбас ак эмгеги аркылуу жетип, азыр биздин өлкөбүздү өнүктүрүү кызыкчылыгында колдонулуп жатат.
Бир нече жылдар бою геологдор бардык кыйынчылыктарды жана жүрүштүк турмуштун катаал шарттарына чыдап келишти. Алардын кесипкөйлүгү, кайраттуулугу, туулган жерине аяр мамиле жасагандыгынан улам, мамлекеттин минералдык чийки зат базасын ийгиликтүү өнүктүрүүгө негиз салынды.
Геологдун эмгеги – бул көптөгөн пайдалуу кендери чыккан жердердин чалгындалышы. Азыркы замандын оңой эмес шарттарына карабай атамекендик геологдор өз кесибинин даңктуу салттарын сактай алышты жана профессионалдык милдетин ар намысы менен аткаруусун улантып жатышат.
Бүгүн атамекендик геология тармагынын алдында жаңы масштабдуу маселелер турат. Кен пайдалануу, жаратылышты коргоо технологияларды кийирүү, перспективалык кен жерлерин иштетүү үчүн инвестицияларды тартуу жаатындагы мыйзамдарды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл.
Өзгөчө атамекендик геологияны өнүктүрүүгө бекем пайдубал куруп кеткен геологиянын ардагерлерине таазим этем.
Ушул майрам күнүндө чын дилимден геология кызматкерлерин жана геологиянын ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жана өз кесибине берилип, талыкпай эмгектенишкени үчүн ыраазылык билдирип кетким келет.
Геологиянын бардык кызматкерлерине бекем ден соолук, бакубатчылык, бакыт жана жаңы ачылыштарды каалаймын!».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү