04

Апрель

2018

Премьер-министр Сапар Исаков «Infrastructure Leasing and Financial Services Ltd» компаниясынын төрагасынын орун басары менен кызматташтыктын келечектери тууралуу талкуулашты

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-апрелде, «Infrastructure Leasing and Financial Services Ltd» (Индия) компаниясынын башкаруучу директору жана төрагасынын орун басары Хари Санкаран жана Глобалдык жолборс демилгесинин кеңешинин төрагасы Кеваш Варма менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен кызматташтыктын келечектери, андан тышкары компания тарабынан өлкө экономикасынын ар кандай тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Премьер-министр бүгүнкү күндө экономиканын ар кандай секторлорунда жана өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча системалык реформаларды өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан болгон күч аракеттер жумшалып жатканын белгиледи.

Сапар Исаков ошондой эле, калктын алтымыш пайызы айыл жергесинде жашагандыктан, агрардык тармакка инновациялык технологияларды кийирүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын айтты.

Андан тышкары Премьер-министр өлкөнүн алыскы аймактарын сапаттуу интернет байланышы менен камсыз кылуу максатында «Digital CASA» долбоорун ишке ашыруу пландарын билдирди.

«Infrastructure Leasing and Financial Services Ltd» компаниясынын төрагасынын орун басары Хари Санкаран компаниянын ар башка өлкөлөрдүн өкмөттүк түзүмдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенишип тургандыгын жана инфраструктуралык жана финансалык долбоорлорду ишке ашыруу менен иш алып баргандыгын маалымдады.

Ошондой эле анын айтымында, акыркы 20 жылда мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында компания тарабынан көптөгөн долбоорлор ишке ашты.

Хари Санкаран заманбап шартта инвестициялардын негизги бөлүгү санариптик технологияларга туура келип жаткандыгын, буга байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн аталган тармактагы аракеттери өз убагында жана актуалдуу экендигин белгиледи.

Жолугушунун жүрүшүндө телекоммуникация жаатында жана Шамси (Чүй облусу) капчыгайынын тегерегиндеги калктуу пунктарды туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланды.

Жолугушунун жыйынтыгында тараптар адистердин жана жумушчу топтордун деңгээлинде кошумча консультацияларды өткөрүү тууралуу макулдашышты.

«Infrastructure Leasing and Financial Services Ltd» компаниясы жол, экономикалык зоналар, энергетика, телекоммуникация, канализациялык системалар, катуу калдыктарды башкаруу, билим берүү жана электрондук башкаруу тармактары боюнча долбоорлорду ишке ашырган алдыңкы индиядлык каржы институттарынын бири болуп эсептелинет.

[su_carousel source="media: 114456,114457,114458" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү