19

Апрель

2018

Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 18-апрелде, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды. Премьер-министр эки мамлекеттин эли коңшулаш бир тууган элдерден экендигин, буга байланыштуу өлкөнүн Өкмөтү Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи. Өкмөт башчы Карим Кокрекбаевдин Жамбыл облусунун акими катары чектеш кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын белгиледи. Сапар Исаков билдиргендей, бүгүнкү күндө чет мамлекеттердин, анын ичинде Казакстандын рыногуна айыл чарба продукцияларын экспорттоону жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Аны менен катар Өкмөт башчы өлкөлөр ортосунда маданий-гуманитардык, анын ичинде ар-кыл маданий-спорттук иш чаралар аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Буга байланыштуу Премьер-министр казак тарапты үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жигердүү катышууга чакырды. Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаев өлкөнүн бир катар министрликтери жана ведомство жетекчилери менен кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланганын маалымдады. Ал былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн өскөндүгүнө канааттангандыгын билдирди. Ошондой эле Карим Кокрекбаев Сапар Исаковго Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин үстүбүздөгү жылдын май айында Астанада өтүүчү экономикалык форумга катышууга чакыруусун берди. Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын башка актуалдуу маселелерин да талкуулады. [su_carousel source="media: 115522,115523,115524,115525" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү