12
Март
Премьер-министр Сапар Исаков КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиевди кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиевди берилген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотуу жана өкмөт мүчөлүгүнөн четтетүү боюнча сунуштама жөнөттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү