02

Март

2018

Премьер-министр Сапар Исаков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу туурасында сунуштаманы жиберди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлүгүнөн четтетүү туурасында сунуштамасын жиберди.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаковго көрсөтүлгөн комиссия ишинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү