29
Декабрь
Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлерине жаңы турак-жайлардын ачкычтарын тапшырат.
Мындан тышкары, Сапар Исаков Нарын облустук ооруканасындагы гемодиализ үчүн алынган жаңы аппаратты көрүп, «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү