30
Март
Премьер-министр Сапар Исаков республиканын айылдарына ичүүчү таза суу боюнча долбоорлордун сапаттуу ишке ашырылышын камсыз кылууну тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын калктуу пунктарын үчүүчү суу менен камсыздоо жана суу берүү жаатындагы иштеп жаткан долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев бүгүнкү күндө республика боюнча 653 айылда таза ичүүчү сууда муктаждык бар экендигин маалымдады.
Буга байланыштуу ал белгилегендей жарандарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 6 млрд 538 млн сом жалпы көлөмдөгү «Ала-Тоо Булагы» жаңы программаны ишке ашыруу башталды.
Программаны ишке ашыруунун биринчи этабы Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 115 айылын камтыйт.
Андан тышкары Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору көп учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифтери жергиликтүү кеңештер тарабынан коюларын, бул суу менен камсыз кылуу жана суу берүү системасын натыйжалуу эмес эксплотациялоого алып келип жатканын белгиледи.
Өкмөт башчы «Ала-Тоо Булагы» программасын сапаттуу жана айкын ишке ашыруусун камсыз кылууну жана зарыл болсо аны ишке ашырууга кошумча каражаттарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын берди.
Андан тышкары 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын калктуу пунктарын ичүүчү суу жана саркынды суулар системасын өнүктүрүүнүн Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын өз учурунда аткаруусун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Аны менен катар Мамкурулуш алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментине ичүүчү сууга болгон тарифтик саясатты жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.
[su_carousel source="media: 114232,114233" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү