07

Апрель

2018

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 6-апрелде Дүйнөлүк банктын айыл чарба боюнча глобалдык тажрыйбанын жетекчиси Джулиан Лампьетти башында турган өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууга ошондой эле Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Кыргызстандагы Швейцария элчилиги миссиясынын башчысынын орун басары Даниэль Мэули Монтелон катышты.

Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектеги кызматташуунун багыттары тууралуу сөз  болду.

Вице-премьер-министр бүгүнкү күндө өлкөнүн 2040-жылга чейинки өнүктүрүү Стратегиясы иштелип чыгууда жана ал республикада узак мөөнөттүк перспективага эсептелген алгачкы документ экендигин белгиледи.

 «Стратегияга биз мындан ары өнүгүүнүн кыска мөөнөттөгү, орто мөөнөттөгү жана узак мөөнөттөгү келечектерин камтып кеткибиз келет. Программанын алкагындагы кыска мөөнөттөгү долбоорлордун ичинен  «Таза суу», «Ирригацияны өнүктүрүү», жана «Таза коом» санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл бурулат», - деп белгиледи Дайыр Кенекеев.

Ошондой эле вице-премьер-министр өлкөнүн айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди, атап айтканда кооперативдерди өнүктүрүү жана ири мүйүздүү малдарды тукумдаштыруу жолу менен сүт азык жаатындагы өндүрүмдүүлүктү комплекстүү  жогорулатуу турат.

Дайыр Кенекеев пилоттук облус катары Ысык-Көл облусунда сүт азыктарын өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашырууда көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылыгын билдирди.

Дүйнөлүк банктын айыл чарба боюнча глобалдык тажрыйбанын жетекчиси Джулиан Лампьетти банк жана кыргыз Өкмөтү ортосунда кызматташтыктын бай тарыхын, жана азыркы тапка чейин өлкөдө бир катар социалдык жактан маанилүү долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи.

«Айыл-чарба тармагында Кыргызстандын чоң келечеги бар жана биз аталган багыт боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүүгө даярбыз» - деп белгиледи Джулиан Лампьетти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Ысык-Көл облусундагы сүт азык секторун өнүктүрүү боюнча долбоорго бир аз өзгөрүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы тууралуу макулдашышты.

Андан тышкары Дүйнөлүк банк кеңсесинин Башчысы «Суу Кодексинин» ишке ашыруу жол картасын, ошондой эле Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Швейцария агенттиги (SDC) менен кызматташуу тууралуу сунуштарын беришти.

Вице-премьер-министр аталган сунушту жактырып жана бул суроо боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.

[su_carousel source="media: 114609,114610,114611,114612,114613,114614,114615" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]

                            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын

 

              коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү