17

Октябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Түрк тилдүү мамлекеттер шериктештиги Кеңешинин баш катчысы Рамил Гасанов менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-октябрда, Түрк  тилдүү мамлекеттер шериктештиги Кеңешинин баш катчысы Рамил Гасанов менен жолукту.

Түрк  тилдүү мамлекеттер шериктештиги Кеңешинин баш катчысы Рамил Гасанов маалымдагандай, эл аралык байкоочулар, байкоо миссиясы Кыргыз Республикасында президенттик шайлоону 3 шайлоо участкасындагы саноо жараянына мониторинг жүргүзүүгө катышты.

«Миссиянын өкүлдөрү 45 шайлоо участкасындагы шайлоо өнөктүгүнө күбө болду. Алардын 24 Бишкек, 21 Ош шаарында жайгашкан. Шайлоо чөлкөмдөрүндө миссиянын өкүлдөрү эч кандай одоно мыйзам бузууну байкаган эмес. Жалпысынан алып караганда президенттик шайлоо таза жана жогорку уюшулгандыкта өттү», -деди баш катчы Рамил Гасанов.

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого миссиянын активдүү катышып, мониторинг жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Болуп өткөн шайлоо биз үчүн тарыхый мааниге ээ. Анткени таза жана ачык шайлоо туруктуу мамлекеттик ачкычы болуп,  өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жол ачат», - деп, жыйынтыктады Сапар Исаков.

[su_carousel source="media: 106280,106281,106282,106283,106284" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү