11
Апрель
Премьер-министр Сапар Исаков тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызматтык жактарга катуу сөгүш жарыялады
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн Бишкек шаардык ЖЭБде штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде. тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызматтык жактарга катуу сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка, бүгүн, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Буйрукка ылайык, катуу сөгүш төмөнкүлөргө: - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатовичке; - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Оморов Азамат Каныбековичке; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Жусуев Болот Амановичке жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү