11
Апрель
Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районундагы алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы бул сыяктуу жеке менчиккке кол салуу аракеттерине жол берилбеши керектигин белгилеп, аталган факты боюнча жоопкер бардык жактарга мыйзамга ылайык чаралар кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна долбоордук-сметалык документтердин жана тийиштүү уруксаат берүүчү документтердин болушуна карата тыкыр текшерүү өткөрүүсү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү