16

Сентябрь

2017

Премьер-министр Сапар Исаков Токмок шаарынын борбордук базарына барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарынын борбордук базарына барды.

Өкмөт башчы борбордук базарындагы соодагерлер, шаар тургундары менен да баарлашты. Жергиликтүү калк инфраструктуралык жана социалдык маселелерди көтөрүшүп, суроолоруна жеринде жооп ала алышты жана Токмок шаарынын мэрине козголгон маселелелер боюнча тактап, чечүүнү тапшырды.

Премьер-министр бул багытта Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү программасы кабыл алынып, баардык облустарды өнүктүрүү пландары ишке ашарын билдирди.

Сапар Исаков ошондой эле Ысык-Ата районун Буденный айылынын тургуну, экинчи топтогу майып Кылычбек Мундузбаевдин үйүнө барып анын ден-соолугунан, үй-бүлөсүнөн кабар алып, материалдык жардам көрсөттү.

[su_carousel source="media: 103301,103302,103303,103304,103305,103306,103307,103308,103309,103310" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү