31
Март
2018
Премьер-министр Сапар Исаков жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери «Таза жашоо» кампаниясынын алкагында ишембиликке катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери, бүгүн 31-мартта, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы М.К. Ататүрк сейил багынын аймагындагы ишембиликке катышты.
Ишембиликке Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгуль Рыскулова, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри Гульмира Кудайбердиева катышты.
Аппараттын кызматкерлери Өкмөт башчы жетекчилиги алдында 100 ашык четин багынынын көчөттөрүн отургузуп, сейил бактын аянтын таштандылардан жана кургак чөптөн тазалышты.
Белгилесек, 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына дейре мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган «Таза жашоо» улуттук кампаниясы өткөрүлөт.
«Азыркы учурда республикабыздын бардык аймактарында тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Кампаниянын максаты – жаштарга айлана чөйрөбүзгө, жаратылышка жана анын байлыктарына аяр мамиленин үлгүсүн көрсөтүү. «Таза Жашоо» - бул ар тараптуу иш аракеттер, кампаниянын алкагында биз мыйзамчыгаруу демилгелерди жана айлана чөйрөнү коргоо, экологиялык билимди алдыга жылдыруу», - деп белгиледи Премьер-министр Сапар Исаков
Өкмөт башчы жарандарды мобилизациялоого, тазалооого ресурстарды тартууга, көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү, окутуу жана экологиялык иш-чараларды өткөрүүнү колдогон уюмдарга ыраазычылык билдирди.
Азыркы учурда «Таза жашоо» улуттук кампаниясына төмөнкү уюмдар жана бизнес-структуралар активдүү катышууда:
«Эко Деми» коомдук фонду,
International Business Council (Эл аралык ишкерлер кеңеши)
«Жашыл Билик» коомдук фонду,
Жаштар демилгелеринин өнүктүрүү Фонду,
Мектеп ыктыярчысы долбоору
«КСО Борбордук Азия» агенствосу,
«Мурас кыймылы»
Билимкана – Бишкек мектеби
«Кайнар групп»,
Кыргызстандын велокоомчулугу,
«Арча» демилгеси» коомдук фонду
Women's forum Kurak
«Манас» Эл аралык аэропорту,
MoveGreen - МувГрин
Enactus Kyrgyzstan (КНАУ, КГТУ, КЭУ, КНУ),
Gazprom Neft Asia
«Basconi Bishkek»
«Chatyr»
«Оптима Банк»
INFOX маалымат борбору,
БизЭксперт - BizЕxpert
ACCELS Unity Fund
AUCA
«Любимый HD» телеканалы
«Coca-Cola Bishkek Bottlers»
«Дан Агро продукты»
«Эко Продукт Азия»
«Дом маркетинга и коммуникаций»
«Түкүрбө Не плевать»
«Реемстма»
JIA бизнес ассоциясы.
[su_carousel source="media: 114276,114275,114274,114273,114272,114271,114270,114269,114268" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 113664,113665,113666,113667" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү