26

Февраль

2018

Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаган 2 жашар кызды дарылоо үчүн 100 000 сом бөлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан жол кырсыгынын натыйжасында жубайы каза таап, ал эми эки жашар кызы ооруканага түшкөн Жыргалбек Чотонов үчүн 100 000 сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Эскерте кетсек, Жыргалбек Чотоновдун эки жашар кызы 2018-жылдын 9-февралында Бишкек шаарынын Витебск жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобустун айдоочусу коюп кеткендиктен жабыркаган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү