07
Апрель
2018
Премьер-министр Сапар Исаков жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7 апрелде жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Сапарынын жүрүшүндө Өкмөт башчы «Балыкчы-Корумду» авто жолунун Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылындагы курулуш тилкесин инспекциялайт жана Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышат.
Андан тышкары, Премьер-министр Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданынын аймагында өтчү ишембиликке катышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү