28

Сентябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-2017-жылкы күз-кыш мезгилине карата даярдык боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында, 2016-2017-жылкы күз-кыш мезгилине экономикалык тармактарды жана өлкөнүн калкын даярдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине көмүрду график боюнча, өз убагында  алып келүүнү камсыздоону, Кара-Кече көмүр кенинен Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборуна көмүрдү ташып келүүдө альтернативдүү варианттарды иштеп чыгууну тапшырды.

«Кыргызтуракжайкоммуналдыкбирлиги» мамлекеттик ишканасына 2016-жылдын 15-октябрына чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Жылуулук» коммуналдык ишканасында орнотулган, Кореяда өндүрүлгөн от казандарды даярдоо жана аларды иштетүү боюнча чечкиндүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан сырткары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине 2017-жылга «Кыргызтуракжайкоммуналдыкбирлиги» мамлекеттик ишканасын жоюуну жана анын милдеттерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө өткөрүп берүү боюнча программа иштеп чыгууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү