24

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы экономикалык өнүгүүнүн негизги параметрлери – ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9% деңгээлде болжолдонууда

"2017-жылы өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн негизги параметрлери –  ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2,9% деңгээлде болжолдонууда”, – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында.

Өкмөт башчысы билдиргендей, 2017-жылы жана болжолдонгон жылдарга карата ички дүң продукциянын өсүшүнө таасир этүүчү тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет: дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу; салыктык түшүүлөрдүн аткарылышы боюнча тобокелдиктер, өлкөнүн экономикасынын алтындын дүйнөлүк баасынын өзгөрүшүнөн  көз карандылыгы, энергия алып жүрүүчүлөр жана башка. Өкмөттүн иши макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталат.

Болжолдонгон социалдык-экономикалык өнүгүүнү эске алуу менен 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда:

- кирешелер 126,8 млрд сомдун тегерегинде  мерчемделет (ИДПга карата  25,7%),

- чыгашалар  150,1 млрд сомдун тегерегинде болжолдонууда (ИДПга карата 30,4%),

- тартыштык 23,3 млрд сом, же ИДПнын 4,7%ын түзөт. Мамлекеттик инвестициялар программасын эсепке албаганда тартыштык 5,5 млрд сом, же 1,1% түзөт.

«Мамлекеттик инвестициялар программасынын чоң суммасы Өкмөт инвестицияларды тартуу менен аларды экономиканы, чоңураак мультипликативдүү эффектиси бар ички түзүмдүк долбоорлорду өнүктүрүүгө багыттагандыгын көрсөтүп турат. Мунун ичинде бюджеттин долбоорунда  бюджеттин тартыштыгын каржылоонун булактары да толугу менен каралгандыгын белгилеп кетүү керек жана бюджет теңдештирилген бюджет  болуп саналат»,-деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо  бөлүмү