20
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттигиндеги корупцияны жоюу боюнча ишти канааттандыраарлык эмес деп атады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда, жумушчу кеңешме өткөрдү, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык тутумду жоюу боюнча тыкыр планды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Өкмөт башчы эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын 12-ноябрындагы «Мамлекеттик органдардагы саясый жана тутумдук коррупциянын себептерин четтетүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу тарабынан Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде ведомстводогу тутумдук корупцияны жоюу боюнча тыкыр план бекитилген.
Өкмөт Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн антикоррупциялык саясат секторунун башчысы Белек Ахметов маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу тарабынан 2014-жылы Мамагенттиктеги коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш-чаралардын 2 Планы бекитилген.
Пландарды ишке ашыруу мезгилинде антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун эки мониторинги жүргүзүлгөн.
«Биринчи мониторинг 2015-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн, анын натыйжасында Мамагенттиктин Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштери жетишсиз деп таанылган. 77 иш-чаранын 12си аткарылып, 21и жарым-жартылай аткарылып, 44ү аткарылган эмес. Экинчи мониторинг 2016-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн, анын натыйжасында Мамагенттиктин аталган багыттагы иши канааттандыраарлык эмес деп таанылган. Мониторнг учурунда иш-чаралардын дээрлик жарымы аткарылган эмес», - деди Белек Ахметов.
Ал белгилегендей, өткөрүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасы боюнча Мамагенттиктин 2 антикоррупциялык планын актуалдаштыруу жана бириктирүү чечими кабыл алынган, анда жогорку коррупциялык тобокелдиктин 12 тармагы жана 114 антикоррупциялык чараларды ишке ашыруу каралган.
Белек Ахметов белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата акыркы өткөрүлгөн мониторингге ылайык, Мамагенттиктеги антикоррупциялык чараларды ишке ашыруусу тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков маалыматты угуп, мамлекеттик агенттиктеги корупциялык тутумду демонтаждоо боюнча иштер формалдуу түрдө жүрүп, тийиштүү жыйынтыктарды бербей жаткандыгын белгиледи.
«Ведомстводогу тутумдук коррупцияны жоюуга багытталган чаралардын маанилүү бөлүгү ишке ашырылбастан, же жарым-жартылай аткарылууда. Орун алган абалдын себеби Мамагенттиктин жана мамлекеттик орган жетекчилеринин корупцияга каршы туруу жаатындагы өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле жасагандыгында жатат», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө жарандарынын шаар куруу тармагына карата ишеними төмөнкү деңгээлде турат.
«Акыркы 2,5 жыл аралыгында шаар куруу жаатында укук коргоо органдары тараптан 93 коррупциялык көрүнүш аныкталган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 43 млн сомдон ашуун каражатты түзгөн», - деп белгиледи Премьер-министр.
Ал билдиргендей, Мамагенттиктин кызматкерлерине өзгөчө талап коюулуусу тийиш, анткени курулуп жаткан имараттардын коопсуздугу жана сапаты алардан түздөн-түз көз-каранды.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөр тапшырылды:
- Агенттиктин башкармалык, бөлүм жана түзүмдүк подразделение жетекчилерине карата Пландын антикорупциялык иш-чараларын тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн катуу тартиптик чара көрүүсү;
- тыкыр планды ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү жана аткаруучулук тартипке карата көзөмөлдү күчөтүү;
- ведомстволук сайтта жана ЖМКларда тыкыр пландагы антикоррупциялык чараларды ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер тууралуу такай маалымдап туруу;
- Мамагенттик жана планды кошо аткаруучу мамлекеттик органдар ортосундагы ведомство аралык өз-ара аракеттешүүнү камсыздоо.
- көрсөтүлгөн мөөнөттө тутумдук коррупцияны демонтаждоо боюнча тыкыр пландан келип чыккан шаар куруу, архитектуралык иш жана курулуш обьектилерин мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу.
Ошондой эле Экономика министрлигине, Өнөр-жай,энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигине, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, тийиштүү Пландарда, анын ичинде Мамагенттиктеги коррупцияны жоюу боюнча Планында каралган антикоррупциялык чараларды ишке ашыруу тапшырылды.
[su_carousel source="media: 88670,88671,88672,88673"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү