27

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Чүй облусу – Кыргызстандын өнөр жайынын, айыл чарбасынын калыптанышында өзгөчө роль ойногон аймак

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-майда Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, бул окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады. Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер! Урматтуу бүгүнкү салтанаттын кадырман катышуучулары!

Бүгүн баарыбызды бириктирип отурган салтанат – Чүй облусунун эли үчүн эле эмес, бүтүндөй кыргыз журтунун жашоо-турмушундагы артка бир кылчая карап, баскан жолубузга, аткарган ишибизге саресеп салып, алдыда турган милдеттерибизди дагы бир ирет аныктап, тактай турган өзгөчө салтанат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан баарыбызды мына ушундай жаркыраган майрамыбыз менен – Чүй облусубуздун 90 жылдык тою менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

Токсон жыл деп айтканга оңой болгону менен, бул мезгилде элибиздин эртеңин аныктап, келечегине жол ачкан, тагдыр чечер окуялар өткөн. Чүй жергеси кыргыз элинин өнүгүү тарыхында, улут болуп калыптануусунда өзгөчө орунду ээлеп келген.

Айтылуу Сары-Өзөн Чүй жөнүндө кеп болгондо, акыркы 90 жыл менен гана чектелгенге болбойт. Чүй жергеси –  кылымдарды карыткан тарыхы бар, журт асырап, эл багып келген өзгөчө өрөөн, берекеси төгүлгөн жер. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан, Улуу Жибек Жолунун дал ортосунан орун алган өзгөчө аймак. Береке-байлыгына жараша кең пейил, меймандос, ынтымак-ырашкерликке ынак эли бар – кутман Жер!

Керилген кең Чүй өрөөнү – бабалардын бизге аздектеп калтырган мурасы. Өз доорунда Европа менен Кытайды байланыштырып турган Ак-Бешим, Баласагын шаарлары, бүгүнкү Бурана тарыхый комплекси адамзат тарыхында өз орду менен белгилүү. Бабалардын элесин, эрдигин, осуятын кийинки муундарга жеткирип, жерибизди сактап, көрктөнтүп, көз карандысыз өлкөбүздү өнүктүрүү – биздин ыйык парзыбыз.

Урматтуу мекендештер!

Чүй облусу – Кыргызстандын өнөр жайынын, айыл чарбасынын калыптанышында өзгөчө роль ойногон аймак. Чоң Чүй жана Ала-Арча каналдарынын салынышы, Аламүдүн ГЭСи, Кара-Балтадагы кант, сүт, килем заводдору, Токмоктогу фабрикалар, айнек заводу, Орловкадагы өнөр жай ишканалары сыяктуу нечендеген завод-фабрикалардын ишке кириши – элибиздин совет мезгилиндеги турмушундагы улуу бурулуштарынан болуп калды. Чүй облусу эгемен жылдары дагы бараандуу ийгиликтерге жетишип, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошту.

Ушул мезгилде Чүй облусунун Кыргызстандын ички дүң продукциясына кошкон салымы 15 пайызды түзөт. Анын ичинен айыл чарба продукциясынын 25 пайызы, өнөр жай продукциясынын 15 пайызы, курулуштун 22 пайызы, кызмат көрсөтүүлөрдүн 12 пайызы облустун үлүшүнө туура келет.

Бул көрсөткүчтөрдү жаратууга «Кыргыз-алтын»  аффинаж  заводу, “Талды-Булак Сол жээк” алтын кени, «Джунда Чайна Петролеум компаниясы», «Кайынды Кант», «Интер-Гласс», «Канттагы цемент»  заводдору олуттуу салым кошууда.

Бүгүнкү күндө облуста 130дан ашык ири өнөр жай ишканалары бар. Алардын ичинде 94 ишкана өсүү темпин камсыздоо менен туруктуу иштеп келе жатат.

Урматтуу агайын-туугандар!

Чүй жергеси – тарыхый инсандардын ордосу. “Куттуу билим” ээси Жусуп Баласагын, Атаке бий, Байтик баатыр, Шабдан баатыр, Жайыл баатыр, Манап бий, тарыхчы Белек Солтоноев, айтылуу төкмө-акындар Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиев, Ысак Шайбеков, куудул Шаршен Термечиков, Кожомкул балбан, саясий ишмерлер Иманалы Айдарбеков, Султан Ибраимов, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоков, Социалисттик эмгектин баатырлары Керимбүбү Шопокова, Зууракан Кайназарова, акындар Аалы Токомбаев, Жалил Садыков, Алыкул Осмонов, Турар Кожомбердиев, драматург Токтоболот Абдумомунов, композиторлор Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесов, киноактёр Сүймөнкул Чокморов, атактуу артисттер – Сайра Кийизбаева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, балерина Бүбүсара Бейшеналиевалар – Чүй жергесинин гана эмес, кыргыз элинин сыймыктуу кулундары.

Тээ байыркы кылымдардын түпкүрүнөн бери Улуу Жибек Жолунда кербендер көчүн Кыргыз Ала-Тоо кыркалары кучагын жайып тосуп алып, Чүй жергесинин Ысык-Ата, Аламүдүн, Жылуу Булак, Арашан  сууларынын дарылык касиетин, Суусамыр, Көк-Ойрок жайлоолорунун кымызын, этин, Окторкойдун, Боомдун, Коңорчоктун, Жыламыштын табият тарткан сулуулугун, Ала-Арча, Кегети, Шамшы табият комплекстеринин көздүн жоосун алып, адамды суктандырган кооздугун Батыштан Чыгышка даңазалап таратып турган. Бүгүн Ысык-Ата курорту, Чуңкурчак, Нооруз, Суусамыр, Орловка кышкы спорттук турбазалары Кыргызстандын ички туризмин өнүктүрүүдө чоң салымын кошуп, кыргыз жерин дүйнөгө таанытып келет.

Соңку жаңы тарыхыбызда Сары Өзөн Чүйдүн кеңдигине, мүлдө кыргыздын теңдигине дагы бир жолу ынандык. Кыргызстандын жети дубан элинен жакшы жашоо жана жумуш издеген эр-азаматтарыбызды, ички мигранттарыбызды мына ушул Чүйүбүз канатына калкалап батырып отурат.

Чүй облусу – тарыхый түздүктөгү көп улуттуу эли бар аймак. Кыргыз, орус, украин, немис, казак, тажик, өзбек, поляк, азербайжан, дунган, уйгур, түрк, карачай, корей, даргин, лезгин жана башка 30дан ашык улуттар Чүй жергесинде бир үй-бүлөдөй улуттар аралык ынтымакты бекем ишеним жана биримдик менен аздектеп сактап, башка дубандарга үлгү болуп келе жатат. Алмуздактан бери келаткан тарыхый тажрыйбасынан, каадалуу салтынан жазбаган Чүй – келечекте эгемендүү Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүшүнүн өр жолунда, көч башында болот деп ишенемин. Сары Өзөн Чүй – өткөн тарыхы менен гана сыймыктанбастан, келечекке койгон максаттары менен суктанта турган өрөөн.

Буюрса, Чүй келечекте дагы өнүгөт. Чүй жергесинде билимдүү адистер, иштерман калк жана өнүккөн экономикалык база даяр. Бул жерге чет элдик инвесторлор кызыга турган кырдаалды түзөбүз. Чүй жергесине ири ишканаларды куруу – алдыдагы милдетибиз. Чүй дубанынын облустарыбыздын арасында Кыргызстандын өнүгүү багытында флагман болууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Жолду баскан арбытат деген сыңары, бараткан багытыбыз туура, талбаган эмгек менен илгерилей берсек, эртеңибиз бакубаттуу болоруна терең ишенемин.

Ардактуу мекендештер!

Урматтуу чүйлүк туугандар!

Дагы бир ирет токсон жылдык торколуу тоюбуз менен чын дилимден куттуктаймын! Ата журт үчүн жасап жаткан ак эмгек, кең пейилиңиздерден береке табыңыздар! Кыргыз элин дайыма ийгилик коштоп, Жараткан бакубат турмуш ыроолосун!”.

[su_carousel source="media: 75997,75998,75999,76000,76001,76002,76003,76004,76005,76006,76007,76008" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75926,75927,75928,75921,75917,75916,75918,75887,75922,75888,75886,75885,75884" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75884,75885,75886" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75791" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75125,75126,75127,75128,75129,75130,75131,75132,75133" limit="50" link="image" width="120" height="40" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74419,74441,74440,74439,74438,74436,74435,74434,74433,74432,74431,74430,74429,74428,74427,74426,74424,74423" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74223,74225,74224" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73706" limit="50" link="image" width="50" height="20" items="6" scroll="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73528,73529,73530,73531,73532" limit="50" link="image" width="140" height="40" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72261,72260,72259,72258,72257,72256,72255,72254,72253,72252" limit="50" link="image" width="140" height="60" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72266,72267,72268,72269,72270,72271" limit="50" link="image" width="160" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72252,72253,72254,72255,72256,72257,72258,72259,72260,72261" limit="50" link="image" width="100" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="1" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" link="post" width="160" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү