17
Август
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы салынып жаткан мектептер менен таанышты
Мугалим бул- ардактуу кесип, ага жүрөгү менен берилүү керек. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта, Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ивановка айылындагы №3 толук эмес орто мектебинин мугалимдери менен жолугушууда билдирди. Аталган мектепте 520 окуучу билим алат.
Өкмөт башчы билим берүү мекемесинин абалы менен таанышып, окутуучулар менен пикир алышты. Мугалимдер Өкмөт башчысына жаңы мектепти курууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. Азыркы имарат капиталдык ремонтко муктаж жана көп сандагы окуучуга ылайыкталган эмес.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков маалымдагандай, типтүү мектептин имаратынын куруу маселеси каралат. Аны менен бирге азыркы имарат капиталдык ремонттон өткөрөт. Окуу процессин 2 сменада уюштуруу зарыл. Бул окутуу жайынын жетишсиздиги маселесинин жарымын чечүүгө мъмкънчълък түзөт.
«Мугалим бул – ардактуу кесип. Ага жүрөгү менен берилүү керек. Балдардын жана өлкө келечеги сиздердин колуңуздарда. Муну эске алуу менен республикада билим берүү системасына өзгөчө көңүл бурулууда. Жащы мектептер курулууда, иштеп жаткандары ремонттон өткөрүлүүдө. Акыркы алты жылда 309 жащы мектеп салынды. Өлкө боюнча бир эле мезгилде билим берүү мекемелерин этабы менен интернетке туташтыруу жъргүзүлүүдө. Мугалимдерге социалдык колдоо көрсөтүү жана айлык акысын жогорулатуу иши улантылат», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Андан ары Премьер-министр Үч-Эмчек айылындагы 138 окуучуга эсептелген орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Премьер-министрдин айыл тургундары менне жолугушуусунда жергиликтүү жашоочулар келечекте спорт залды куруу маселесин кароону жана ички жолдорду ремонттоого колдоо көрсөтүүсүн суранышты.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийешелъъ мамлекеттик органдарга жащы мектептин имаратын тезирээк бүткөрүүнү жана 2018-жылы спорттук залды куруу маселесин иликтеп чыгууну тапшырды.
Андан ары Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай айылындагы И. Байбекова атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жащы окуу имараты 150 окуучу орунга эсептелген. Бир айдан кийин объектини пайдаланууга берүү пландалууда.
Өкмөт башчы республикалык бюджеттин эсебинен салынып жаткан объектилердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана атамекендик өндүрүштүн курулуш материалдарын колдонуу зарылдыгын белгиледи.
[su_carousel source="media: 101828,101829,101830,101831,101832,101833,101834,101835,101836,101837,101838,101839,101840,101841" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү