28
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” сынагынын жеңүүчүлөрүнө Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 28-июлда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Эң мыкты айыл өкмөтү-2016” мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрүнө байгелер жана Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.
Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү эки топко бөлүнгөн айыл өкмөттөрү байгелүү орундарга жетишти: Биринчи топ: - I орун - 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү; - II орун - 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтү; - III орун - 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтү. Экинчи топ: - I орун - 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен – Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтү; - II орун - 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтү; - III орун - 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтү.
Сынактын негизги критерийлери: - айыл өкмөттөрдүн калктын жашоосуна эң жакшы шарттарды түзүүдөгү иштерин колдоо; - айылды көрктөндүрүү, келбетин жакшыртуу, маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу жана маданий мурастарды сактоо; - айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды өнүктүрүү; - жумуш орундарын түзүү; - ишкердикти жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү; - жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү; - дотациялык төлөөлөрдү кыскартуу; - инвестицияларды тартуу; - инженердик жабдууларды жана санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу.
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын райондук жана облустук деңгээлде сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыктары мамлекеттик сынактык комиссиясы тарабынан чыгарылды.
[su_carousel source="media: 100384,100385,100386,100387,100388,100389" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 98380,98378,98377,98376" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү