24

Июнь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын жетекчиси Анна Попова менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматынын жетекчиси – Россия Федерациясынын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Анна Попова менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүнүн абалы бул багытта кызматташуу жана анын келечеги тууралуу талкуулашты.

Өкмөт башчы ар тараптуу көрсөтүлгөн колдоолор, анын ичинде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматттын   колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«ЕАЭБ алкагында биз өлкөдөгү калктын саламаттыгына өзгөчө көңүл бурабыз. Өкмөт келечекте керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана аны көзөмөлдөөнү өнүктүрүү багытында максималдуу колдоо көрсөтүүгө даяр», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Россия Федерациясынын мамлекеттик башкы  санитардык врачы  Анна Попова Чолпон-Ата шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн тармактык органы -  керектөөчүлөрдүн укгун коргоо боюнча Консультативдик Кеңештин кезектеги жыйынына өзүнүн катышуусу тууралуу  айтып берди.

Ал иш чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, КМШ алкагында  керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылууда өз ара аракеттешүүнүн түрдүү аспектисине байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Анын сөзүнө караганда Кыргызстанга болгон сапарынын башкы максаты Кыргызстан жана Россия ортосундагы кара тумоонун жайылуусуна каршы күрөшүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулоо болуп саналат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Кеңештин ишинин жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна үмүт артып,  Россиянын керектөөчүлөрдү көзөмөлдөө органына Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

[su_carousel source="media: 97746,97745,97744" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү