01

Сентябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган кечки майрамдык салтанатка катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында өткөн өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган кечки майрамдык салтанатка катышты.

Премьер-министр кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, сөз сүйлөдү. Төмөндө куттуктоо сөздүн тексти: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу коноктор! Бүгүн көз карандысыз, эркин өлкөдө жашап жатканыбызга чейрек кылым – 25 жыл толду. Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Биз – бабалардын өткөн жолун урматтап, аны менен сыймыктанып, укумдан-тукумга айтып калтырар тарыхы бар элбиз! Биз – эркиндикти эне сүтү менен кошо оозанган, эркиндик – каныбыз менен кошо айланып, жаныбыз менен бирге жашаган элбиз! Биз – Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев айткандай: “тизе бүгүп жашаганча, тике туруп өлгөн артык” – деп, көз карандысыздык үчүн канын төккөн, жанын курман кылган элдин – урпагыбыз. Улуу тарыхты улап, 1916-жылы улуттук-боштондук кыймылында каза тапкандардын, 1937-жылы окко учкандардын, 1941-1945-жылдары курман болгон мекендештерибиздин бүгүнкү эркиндиктин келишине кошкон салымы зор. Кыргызстан эли – эр жүрөк, майтарылгыс эл экендигин 2010-жылы курман болгон баатырларыбыз дүйнө жүзүнө дагы бир ирет далилдеп кетишти. Алардын жаркын элесине таазим этип, эгемендүүлүктү жүрөк түпкүрүндө – эң баалуу керемет катары сактайлы. Урматтуу мекендештер! Кыргызстан – тарыхтын өтө опурталдуу сыноолорунан өттү, ички жана сырткы тоскоолдуктарды жеңди. Кыргызстан – демократиялык принциптерди чыңдап, дүйнөлүк цивилизацияда өзүнүн татыктуу ордун тапты. Кыргызстанда – бийликти таза шайлоого, өз келечегин эркин тандоого – элибиз толук мүмкүнчүлүк алды. Өкмөт азыркы учурда өлкөбүздү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттарын аныктап жатат. Келечекке масштабдуу максаттар коюлууда. Алардын арасында – мындан ары да – өлкөнүн бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоо, адилет коомду өркүндөтүү, калк турмушун жакшыртуу – башкы милдеттер бойдон кала берет. Уважаемые соотечественники! Дорогие гости! От всей души поздравляю вас с самым главным праздником нашей страны – с Днем независимости Кыргызстана! В этот день хочу сказать искренние слова благодарности всему нашему народу, благодаря которому развивается, становится сильнее и прекраснее наша страна, наш свободный Кыргызстан! Мы все вместе строим наше будущее – наш развитый Кыргызстан. Пусть в каждом доме будет мир и благоденствие. Желаю каждому кыргызстанцу здоровья, счастья и успехов во всем! Урматтуу мекендештер! Дагы бир жолу ар бир кыргызстандыкты Эгемендүүлүктүн 25 жылдык майрамы менен куттуктайм. Касиеттүү кыргыз жеринде мындай эркиндик, Жараткан колдоп, түбөлүк сакталсын. Кыргызстан эли ынтымакта, тынччылыкта, бакубатчылыкта жашасын. Дайыма бар болсун Кыргыз эли, Кыргыз жери! Жашасын биздин Эгемендүү Кыргызстан!”.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү