21
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинде Өкмөттүн түзүмдүк өзгөрүүлөрү боюнча сунушун тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндөгү комитетинин жыйынында 2016-жылдын 13-апрелинде Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдүк өзгөрүүлөрү боюнча сунушун тааныштырды. Жыйынга Өкмөттүн толук курамы катышты.
Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жыйында сүйлөгөн сөзү:
“Урматтуу депутаттар!
Баарынан мурда Өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча биздин сунушту ыкчам карап берип жаткандыгыңыздарга ыраазычылык билдирем.
Сиздер ушул жылдын 13-апрелинде, мен жаңыдан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына киришип жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишеним жана Биримдик» программасын бекитип бердиңиздер эле. Албетте, биз өлкөнү өнүктүрүүдө бул Программаны кечиктирбестен аткарууга кириштик.
Ырас, Программага ылайык өз ишибизде артыкчылыктуу багыттарды белгилеп алдык. Анын ичинен:
– мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу,
– экономиканы динамикалуу өнүктүрүү,
– экспорттун көлөмүн өстүрүү,
– жеке жана мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүү – Өкмөттүн негизги милдеттери катары аныкталды.
Ошондуктан өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарбасы, электрондук башкаруу чөйрөсүндө активдүү саясатты жүргүзүү талабы келип чыкты.
Министрликтер менен ведомстволордун ишин анализдеп көрүп, жогорудагы программаны ырааттуу ишке ашыруу максатында Өкмөттүн структурасына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү туура деп таптык. Айрым тармактар боюнча Өкмөттүн структурасын ушул программаны аткарууга ылайыкташтыруу керек болду.
Жогорку Кеңешке – Сиздердин алдыңыздарга – өлкөбүздүн экономикасындагы кырдаал, Евразия экономикалык бирлигинин аймагында болуп жаткан кескин өзгөрүүлөр жана дүйнөлүк экономикадагы кризиске ылайык ыкчам аракеттерди көрүү максатында – Өкмөттүн түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды киргизип жатабыз.
Биринчиден, экономикалык өсүшкө жана өлкөнүн бюджетине бир топ чоң кирешелерди алып келген ири тармактарды координациялап, алардын ишмердигин бир ыргакта алып баруу үчүн өнөр жайга, энергетикага жана жер казынасын иштетүүгө өзгөчө көңүл буруу керек болуп жатат.
Ушул үч тармактын тең Ички дүң продукцияга кошкон салымы чоң экендиги баарыбызга белгилүү. Демек, бул тармактарды өнүктүрсөк, биз эки жактан утушка ээ болобуз:
- бир жагынан экономикабызды өнүктүрөбүз,
- экинчи жагынан бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө жетишебиз.
Азыркы структура менен бул максаттарга жетүү кыйын болуп турат.
Өнөр жай саясатына узак убакыттан бери тийиштүү көңүл бурулбай келген. Азыр да мамлекеттин өнөр жай тармагы Экономика министрлигинде экинчи планда бастырылып калып жатат. Экономика министрлигине жүктөлгөн функциялар абдан көп болуп, ал баарына жетише албай калгандыгын көрүп турабыз.
Урматтуу депутаттар, биздин өлкөнүн Евразия бирлигине кириши, биринчи кезекте, өнөр жай саясатын активдүү жүргүзүүнү талап кылып жатат. Өнөр жайды өнүктүрүү менен гана биз Евразия бирлигинин мейкиндигинде абдан көлөмдүү рынокко кошулуудан көбүрөөк утуштарды табабыз. Бул саясат биздин күнүмдүк эмес, стратегиялык багытыбызды аныктайт.
Ал эми ушундай эле кырдаалга энергетика тармагы дагы туш болгон. Бул тармактагы көптөгөн проблемалар бир топ жылдардан бери чечилбей келет.
Өкмөт мындан ары системалуу энергетика саясатын жүргүзүп, бул тармакты кылдат тескегени зарыл. Ырас, баарыңыздар Жогорку Кеңештин жыйындарында ушул проблеманы кайра-кайра, туура көтөрүп жатасыздар.
Жаңы түзүлгөн Улуттук энергохоллдинг энергетикалык компанияларды башкаруу иштери менен алектенет.
Ал эми энергетика саясатын жүргүзүүдө, жогорку деңгээлдеги эл аралык сүйлөшүүлөрдү алып барууда тиешелүү укугу, статусу жана ресурсу бар өзүнчө мамлекеттик орган керек.
Дагы бир салмактуу багыт – жер казынасын пайдалануу. Бул тармактын республиканын экономикасы жана бюджети үчүн өзгөчө орду бар. Азыр инвестициялык чечимдерди кабыл алып, аны өлкөнүн жалпы экономикалык артыкчылыктарына шайкеш кылуу зарыл.
Ушул тармакты өнүктүрүү иштерин координациялап, мамлекеттик саясатты агенттик эмес, статусу андан жогору болгон конкреттүү бир орган жүргүзүшү керек болду.
Ушул себептерден улам Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетти түзүүнү зарыл деп эсептеймин. Бул комитеттин курамына Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик кирет жана Экономика министрлигинен өнөр жай жана энергетика чөйрөсүндөгү саясатты жүргүзүү ага толугу менен өткөрүлүп берилет.
Экинчиден, Сиздер бекиткен Өкмөттүн Программасындагы эң артыкчылыктуу багыт – коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу болуп саналат.
Урматтуу депутаттар Сиздер менен биргеликте, биз таза, коррупциядан алыс коомду курууга белсенген Өкмөттүн курамын түзгөнү жатабыз.
Мындай проблемаларды көптөгөн өлкөлөр башынан өткөргөн. Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, максатка жетүүдөгү негизги курал – бул электрондук мамлекет технологиясы.
Ал үчүн Өкмөт биринчи кезекте «Электрондук өкмөт» долбоорун аягына чыгарууга милдеттүү. Мамлекеттик чиновник менен жарандардын түз байланышын азайтып, кызмат көрсөтүүнүн 373үн жана уруксат берүүчү документтердин 96сын электрондук форматка өткөрүүгө жетишсек, коррупциянын деңгээли кескин азаят.
Азыр бул багытта 4 министрлик иштеп жатат. Атап айтсам,
Экономика министрлиги,
Финансы министрлиги,
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги,
Улуттук коопсуздук комитети иш алып барууда.
Булардан башка дагы ондон ашык мамлекеттик ишканалар менен мекемелер аракет кылып жатат. Бирок бирдиктүү бир саясат жок болуп турат. Ошондуктан калкка электрондук кызмат көрсөтүүдө “электрондук өкмөт” долбоорун ишке ашыруу өтө татаалдашып кетти.
2011-жылдан 2015-жылга чейин “электрондук өкмөт” долбоорун ишке киргизүүгө, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө жалпы суммасы 2,5 млрд. сом каражат сарпталган. Анын ичинде 2 млрд. сом – донорлордун каражаттары.
Аталган мамлекеттик органдарга жана ишканаларга финансылык каражаттарды чачыратып бөлүп берүүдөн улам бул долбоорду ишке ашырууну аягына чыгара албай жатабыз деп ойлойм.
Дал мына ушундай чачкын аракеттерди координациялоо керек болуп жатат, ошондой автоматташтыруу аркылуу мамлекеттик органдардын тиешелүү функцияларын ыкчам аткартуу зарылдыгы келип чыкты.
Ошондуктан маалыматтык технологиялар жана байланыш жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзгөн, бул багыттагы иштерди координациялап, бир нукка бурган Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитетин түзүүнү сунуштап жатабыз.
Бул Комитетти Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Өкмөттүн Электрондук башкаруу борборунун базасында түзүү сунушталууда.
Эң негизгиси, урматтуу депутаттар, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды мамлекеттик башкарууга киргизүү – бул мезгилдин талабы.
Башкаруунун ачыктыгы, коррупциянын кыскарышы, көмүскө экономиканын жоюлушу – элдин турмушун жакшыртат. Муну ишке ашырсак, Кыргызстандын рейтинги эл аралык масштабда жогорулайт.
Урматтуу депутаттар, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коммуникация функциялары Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу, аны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине өзгөртүп түзүүнү сунуштайбыз.
Ушул максаттан улам Сиздердин принципиалдуу позицияңыздар, сиздердин колдооңуздар – эртеңки күнү Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана өлкөбүздүн келечегин аныктоого чоң салымын кошот.
Евразия бирлигинин мейкиндиги биздин өлкө үчүн абдан чоң көлөмдөгү рынокко жол ачып жатат. Ал Кытайдан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн товарлардын алынып келишин жана аларды реэкспорттоо мүмкүнчүлүгүн азайтты.
Евразия бирлигине кирүү менен өзүбүздөн чыгарылган продукциялардын санын көбөйтүү жана аларды ушул чоң рынокко жеткирүү зарылдыгы бар.
Бул максатты ыкчам түрдө ишке ашырууга, башка тармактарга салыштырмалуу, бүгүнкү күндө айыл чарба тармагы көбүрөөк даяр экендигине карабастан, биз кошумча үстөк бааны жоготуу менен азыр айыл чарбасынын чийки негизги продукциясын кайра иштетпей туруп, экспортко чыгарып жатабыз.
Ошондуктан айыл чарбасына тиешелүү жаңы технологиялар, алдыңкы ыкмалар жана көлөмдүү инвестициялар керек. Сүттү, этти, жашылча-жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү жана аларды сатуу процессин бир системага салуу керек. Муну ишке ашыруу үчүн жогорудагы процесстердин баарын бир министрликке топтоп, ырааттуу бир саясат жүргүзүүнү зарыл деп таптык.
Жогорку себептерден улам, тамак-аш чөйрөсүндөгү функцияларды Экономика министрлигинен Айыл чарба жана мелиорация министрлигине алып берип, аны “Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги” деп кайра түзүүнү зарыл деп эсептейбиз.
Бул кадамдар экономиканы өстүрүүгө гана эмес, азык-түлүк коопсуздугуна да оң таасирин тийгизет.
Урматтуу депутаттар!
Өкмөттүн структурасына киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн негизги идеясын жана себептерин сиздерге түшүндүрүп бердим. Жыйынтыктап айтканда, төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз:
-Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
-Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Өкмөттүн Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
-Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен кеңейтүү менен аны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги катары кайра түзүү;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коммуникация функциялары Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине өткөрүп берилгендигине байланыштуу, аны Транспорт жана жолдор министрлиги катары өзгөртүп түзүү.
Урматтуу депутаттар!
Сунушталган өзгөртүүлөрдө аткаруу бийлигинин штаттык саны көбөйтүлбөйт жана бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Өкмөттүн жаңы түзүмү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасын аткаруу максатын көздөйт жана алдыда күтүлүп жаткан тобокелдиктерге жана чакыртарга жооп берет.
Урматтуу депутаттар, Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунуштап жаткан структураны колдоп берет деп ишенем”.
[su_carousel source="media: 77173,77174,77175,77176,77177,77178,77179,77180,77181,77182" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 76358,76350,76356,76355,76354,76353,76352,76351,76357,76359" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 76350,76351,76352,76353,76354,76355,76356,76357" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75926,75927,75928,75921,75917,75916,75918,75887,75922,75888,75886,75885,75884" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75884,75885,75886" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75791" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75125,75126,75127,75128,75129,75130,75131,75132,75133" limit="50" link="image" width="120" height="40" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74419,74441,74440,74439,74438,74436,74435,74434,74433,74432,74431,74430,74429,74428,74427,74426,74424,74423" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74223,74225,74224" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73706" limit="50" link="image" width="50" height="20" items="6" scroll="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73528,73529,73530,73531,73532" limit="50" link="image" width="140" height="40" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72261,72260,72259,72258,72257,72256,72255,72254,72253,72252" limit="50" link="image" width="140" height="60" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72266,72267,72268,72269,72270,72271" limit="50" link="image" width="160" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72252,72253,72254,72255,72256,72257,72258,72259,72260,72261" limit="50" link="image" width="100" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="1" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" link="post" width="160" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Маалыматтык саясат бөлүмү