23

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

SAB_6436s

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Өкмөт башчысынын куттуктоо тексти: «Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм! Бул майрам эрдикти, ар-намыстуулукту даңазалайт. Бул күнү Мекенди эрдик менен коргогон баатырларыбызга, азыркы кезде Кыргызстандын коопсуздугун, элдин бейпил жашоосун сактап тургандарга урмат-сый көрсөтөбүз. Жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин салымы чоң. Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары мекенге кызмат кылуунун, эрдиктин жана патриоттулуктун бийик үлгүсү. Ата мекенге өмүрүн арнап, кызмат кылган ар-намыстуу мекендештерибизге таазим кылабыз! Урматтуу мекендештер! Сиздерге чың ден-соолук, бакубатчылык, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана тынчтык каалайм!».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү