05

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков манасчыларга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 4-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн “Манас” күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада бир катар манасчыларга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды

Улуттук маданияттын өнүгүшүнө, кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын бекемдөөгө жана сактоого, «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Улан Исмаилов жана Салимбай Турсунбаевдер сыйланышты. .

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган сааттар Саматбек Ибраев менен Дөөлөтбек Сыдыковго ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан Замирбек Баялиевге, Асан уулу Тилекке, Камил Мамадалиевге, Сапарбек Касманбетовго жана Назаркул Сейдрахмановго алкыш жарыяланды.

Ошондой эле «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы жана колдоосу үчүн Премьер-министр Сооронбаев Жээнбековду «Саякбай» фондунун жетекчилиги фонддун төш белгиси менен сыйлады.

[su_carousel source="media: 86171,86172,86173,86174,86175,86176,86177,86178,86179,86180,86181,86182"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү