28
Сентябрь
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков МКК төргасынын орун басарлары Камчыбек Акишевге жана Дастан Догоевге сөгүш жарыялады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын орун басары, Акишев Камчыбек Сабырбековичке;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын орун басары, Догоев Дастан Давлетовичке сөгүш берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү