27

Май

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Орозо айы адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга, ар бир момун мусулман ниетин, пейилин тазартууга чакырат

Төмөндө куттуктоо тексти:

«Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйык Рамазан айы менен куттуктайм.

Орозо айы адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакырат, ар бир момун мусулман ниетин, пейилин тазартууга аракет кылып, Жараткандан жакшылык сурайт.

Баардыгыңыздарга бекем ден-соолук каалайм, ниет кылган тилектериңиздер орундалышын Кудайдан тилейм.

Кыргызстаныбызда тынчтык, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык жана жакшылыктар көп болсун.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков».

[su_carousel source="media: 95359" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү