25
Июнь
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Ош — Баткен – Исфана» автожолун реабилитациялоо – өлкөнү өнүктүрүү үчүн абдан актуалдуу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкесин ачуу салтанатына катышты.
Төмөндө Премьер-министрдин сөзүнүн тексти келтирилет:
«Урматтуу мекендештер!
Ардактуу агайын туугандар!
Өлкөбүздүн чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн өзүбүзгө таандык жүрөр жолубуз, ичер суубуз, энергетикабыз жана чек арачыларыбыз болуусу керек. Жолдор – экономикабыздын эле эмес, бүтүндөй жашоо-турмушубуздун кан тамыры. Жол инфраструктурасынын өнүгүшү – бул өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги фактору. Азыркы учурда жолдор – жүргүнчүнү же жүктү ташуучу функцияны гана аткарбастан, мамлекеттин ар кайсы аймактарын бириктирген, карым-катнаштын жыштыгын камсыз кылган, территориябыздын бүтүндүгүнө кызмат кылган инфраструктура болуп калды. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү, инвестициялык шартын жакшыртуу жана абдан көлөмдүү Евразия рыногуна чыгуу үчүн – бизге сапаттуу жолдор керек. Өз убагында жол тармагынын өнүгүшү солгундап кеткен. Азыр андай кырдаалды жойдук. Учурда жол курулушуна мамлекет өзгөчө көңүл бурууда. Ички жолдорду жакшыртуу менен катар өлкөбүздү транспорттук туюктан чыгаруу жагында да иш жүргүзүлүп жатат. Биз Кыргызстанды дүйнөлүк маанидеги транспорттук-коммуникациялык түйүнгө айлантчу жолдорду курууну максат кылып турабыз. Азыр аба жолунда, темир жолунда жана автомобиль жолдорунда ушул көйгөйдү чечүү – көӊүлдүн борборунда турат. Бүгүн биз алдыга коюлган максаттарга жетүү – колдон келет деп, ишеним менен айта алабыз. Негизги жол коридорлору болгон “Бишкек–Ош” жолунун басымдуу көпчүлүгү, “Бишкек – Георгиевка”, “Сары-Таш – Карамык”, “Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там” коридорлору реабилитацияланып, “Бишкек – Нарын – Торугарт” автожолунун куруу иштери аяктады. “Ош – Баткен – Исфана” жана “Тараз – Талас – Суусамыр” автожолдорунда активдүү куруу иш-аракеттери жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылы “Бишкек – Кара-Балта” жана “Маданият – Жалал-Абад” тилкелеринен баштоону пландап жатабыз. Өзгөчө көӊүл бурчу дагы бир жагдай бар. 2014-жылы “Түндүк – Түштүк” альтернативдик автожолунун курулушу башталган. Кыргызстан үчүн бул тарыхый окуя болуп саналат. Биз катышып жаткан салтанат – “Көк-Талаа – Пүлгөн” тилкесин ачуу. Ал “Ош – Баткен – Исфана” автожолунун бөлүгү болуп эсептелет. “Ош – Баткен – Исфана” автожолун реабилитациялоо жана реконструкциялоо үчүн инвестициялык ресурстарды тартуу иши жүрүп жатат. Ошондой эле, анклавдарды айланып өтүүчү жолдор жана чектеш өлкөлөрдүн аймагындагы тилкелер курулуп жатат. Бул долбоорду ишке ашыруу менен чектеш өлкөлөрдүн анклавдарына байланышкан проблемаларды чечебиз. Өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылып, региондор менен үзгүлтүксүз, туруктуу байланыштырып турууга шарт түзөбүз. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн “Ош – Баткен – Исфана” автожолун реабилитациялоо – абдан актуалдуу. Ушуну эске алып, ар кандай эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Долбоорду ишке ашыруу максатында Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕБРР), Дүйнөлүк Банк (ДБ), Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы (ЭИБ) сыяктуу донорлордун каражаттары тартылды. Учурдан пайдаланып, “Ош – Баткен – Исфана” автожолунун “Көк-Талаа – Пульгон” тилкелерин курууга абдан чоң салым кошкон Европалык Шериктештигине (ЕС) өзгөчө ыраазычылык билдирем. Бул тилке жана “Ош – Баткен – Исфана” коридору – жол инфраструктурасын реабилитациялоо менен экономиканы өнүктүрүүгө, айыл чарба продукциясынын көлөмүн арттырууга, социалдык туруктуулукту жана жашоо шарттын деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары жергиликтүү жана аймактык рынокторго жол ачылып, элдин кирешесинин көбөйүшүнө алып келет. Мамлекетибизде тынчтык, биримдик жана туруктуулук болсо, мындан дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга шарт түзүлөт. Быйыл Эгемендүү өлкөбүзгө 25 жыл толуп олтурат. Ушуга байланыштуу ар бир үйдө аманчылык, бакубат турмуш болуп, кереметтүү жерибизде кут даарып жүрсүн деген аруу тилекти айтар элем. Сиздер менен Ыйык Рамазан айында жолугушуп отурганыма кубанычтамын. Мусулманчылыкта жол курган пендеге абдан көп сооптор жазылат деп айтылат. Жараткан бардыгыңыздарды колдоп, туткан орозоңуздар кабыл болуп, тилегиңиздер орундалсын.Урматтуу мекендештер!
“Ош – Баткен – Исфана” автожолунун “Көк-Талаа – Пүлгөн” тилкесинин ачылышы менен дагы бир ирет куттуктайм. Жолубуз шыдыр, асманыбыз ачык болсун!». Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкесин расмий ачуу салтанатына Кыргызстандагы ЕБ убактылуу ишенимдүү өкүлү Яап Ора жана Ош шаарындагы КЭРдин Башкы консулунун орун басары Ма Сяомин катышты. Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы 108-123 км аралыктагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкеси Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында Көк-Талаа жана Пүлгөн калктуу пункттарынын ортосунда (коңшу Өзбекстандын аймагын айланып өтүүчү жол) жайгашкан. Ош – Баткен – Исфана унаа жолундагы «Көк-Талаа – Пүлгөн» жол тилкесин реабилитациялоо долбоору 8,6 млн евро суммасындагы грант бөлүп берген Европа коомчулугу тараптан каржыланат, анын 1 млн евросу Ош – Исфана жолунан алыс эмес жашаган айылдарды социалдык реинтеграциялоо боюнча компонентти ишке ашырууга багытталган. Экинчи каржылоо булагы катары 3,668 млн АКШ долларын бөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат. [su_carousel source="media: 77369,77368,77367" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 77223,77222,77221,77220,77219,77218,77215,77214,77213,77224,77226,77227,77228,77229" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 76358,76350,76356,76355,76354,76353,76352,76351,76357,76359" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 76350,76351,76352,76353,76354,76355,76356,76357" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75926,75927,75928,75921,75917,75916,75918,75887,75922,75888,75886,75885,75884" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75884,75885,75886" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75791" limit="50" link="image" width="100" height="20" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 75125,75126,75127,75128,75129,75130,75131,75132,75133" limit="50" link="image" width="120" height="40" scroll="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74419,74441,74440,74439,74438,74436,74435,74434,74433,74432,74431,74430,74429,74428,74427,74426,74424,74423" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 74223,74225,74224" limit="50" link="image" width="120" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73706" limit="50" link="image" width="50" height="20" items="6" scroll="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 73528,73529,73530,73531,73532" limit="50" link="image" width="140" height="40" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72261,72260,72259,72258,72257,72256,72255,72254,72253,72252" limit="50" link="image" width="140" height="60" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72266,72267,72268,72269,72270,72271" limit="50" link="image" width="160" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 72252,72253,72254,72255,72256,72257,72258,72259,72260,72261" limit="50" link="image" width="100" height="40" items="4" scroll="3" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="2" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" width="160" height="40" items="1" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 71686" limit="50" link="post" width="160" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 70114,70118,70117,70116,70115" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69982,69983,69984,69985,69986,69987" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 69455,69456,69457,69458,69459" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 68954,68955,68956,68957,68958,68959,68960,68961,68962,68963,68964,68965,68966,68967" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel][/su_carousel]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү