12
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо жана референдум тиешелүү уюшкандык деңгээлде өттү
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум таза, ачык, заманбап шайлоо технологияларды колдонуу менен тиешелүү уюшкандыкта, бардык саясий күчтөргө тең укуктуу шарттар түзүлүү менен өттү, - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынтыктоочу жумушчу кеңешмесинде. “Участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына, Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кызматкерлерине, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын адистерине, энергетиктерге жана аткаруу бийлигинин башка түзүмдөрүнө шайлоону жана референдумду тиешелүү уюшкандыкта өткөргөндүгүнө ыраазычылык билдирем”, - деди Өкмөт башчы. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттардын да активдүүлүгүн белгиледи. “Жарандардын жана жалпыга маалымдоо каражаттардын активдүү позицияларынан улам шайлоо өнөктүгүнүн жана референдумдун жүрүшүндө келип чыккан кемчиликтерге мамлекеттик органдар жеринде ыкчам түрдө чара көрүп жатышты”, - деп айтты Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Болуп өткөн шайлоо жана референдум саясий туруктуулуктун кепилдиги жана өлкөнүн экономикалык ырааттуу өнүгүүсү боло алат деп белгиледи Өкмөт башчы. Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында 22 шаардык, 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2016-жылдын октябрь айында түзүлгөн Республикалык штаб иштеди. Аталган буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорунда, райондордо жана айыл округдарда тиешелүү штабдар иш алып барышты. Республикалык штабдын “119” номурлуу call-борбору саат таңкы 07:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеди.
[su_carousel source="media: 86616,86617,86618,86619"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү