20

Июнь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ өткөрүү станциясынын жарылуу фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында орун алган газ өткөрүү станциясынын жарылуусуна байланыштуу факты боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине кырсыктын себептерин жана шарттарын тыкыр иликтөөгө алууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине орун алган жардыруу фактысы боюнча изилдөө жүргүзүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бардык газ өткөрүү станцияларынын коопсуздук талаптарына ылайык келүүсүн ыкчам текшерүүгө алуу тапшырмасы берилди. Эгерде талапка жооп бербеген кырдаал болсо пайдаланууга тыюу салуу чаралары кабыл алынат. Саламаттыкты сактоо органдарына жарылуудан улам жабыр тарткандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке көзөмөлүндө турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү