01

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Жаңы жылдык куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунун тексти:

«Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Өтүп бараткан жылды узатып жатып, аткарылган иштерге, окуяларга саресеп салсак, Президентибиздин жарлыгы менен Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган 2016-жыл көп жакшылыктардын, зор ийгиликтердин жылы болгонуна ынанабыз. Негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай, быйыл Кыргызстандын ички дүң продукциясы үч жарым пайызга өстү. Токсондон ашык социалдык-маданий объектилер салынып, эксплуатацияга берилди. Жалпы узундугу  225 километр болгон асфальт жолдор курулду. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пулдардын өлчөмүн 15 пайызга, пенсиялардын көлөмүн 10 пайызга көбөйттүк. Муктаж жарандарыбызга төмөндөтүлгөн пайыз менен ипотекалык кредиттерди берүү үчүн зарыл каражаттарды бюджеттен бөлүп бердик. Аткаруу бийлигинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн министрликтер менен ведомстволордун структурасын оптималдаштыруу ишин баштадык. Бирин-бири кайталаган функцияларды бириктирип, штаттарды кыскарттык. Бийлик өкүлдөрү элге жакын, алардын көзөмөлүндө болушу үчүн көпчүлүк мамлекеттик функцияларды райондун деңгээлине түшүрдүк. Кудайга шүгүр, көп иштер аткарылды, элибиздин алдында жүзүбүз жарык болуп, жогоруда айтылган жыйынтыктарга жетиштик.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Өкмөтү элдин жашоо-турмушун жакшыртууну, коомдук-саясий туруктуулукту сактоону жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууну – 2017-жылдагы өзүнүн башкы милдети катары белгилейт. Кудай буюрса, бул максаттарды ийгиликтүү ишке ашырабыз. Келерки жылы ЕврАзия Экономикалык биримдигине киргенибиздин алгачкы жемиштерин ала баштайбыз. Анткени: тиешелүү мыйзамдык база толугу менен түзүлдү. Зарыл болгон мамлекеттер аралык макулдашууларга жетиштик. Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, чек ара постторду куруу, аларды жабдуу иштери кызуу жүрүп жатат. Экспортту колдоо үчүн зарыл иш-чаралар аткарылды. 2017-жыл – ЕврАзиялык биримдиктин алкагында алгачкы натыйжаларга жетишүүнүн мезгили болот. Социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүү – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири.   Балдарды, кары-картаңдарды, коомдун аярлуу катмарларын колдоо – Өкмөттүн негизги милдети бойдон кала берет. Элибизди таза суу менен камсыз кылуу ишин кескин түрдө жакшыртабыз. Стратегиялык жолдорду курууну улантуу менен бирге, келерки жылы райондордун борборлорундагы жолдор оңдолот. Энергетика тармагына инвесторлорду тартуу менен жаңы долбоорлорду баштайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Кыргызстандын ар бир жаранына чың ден соолук, бардык үй-бүлөгө бакыт-таалай, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм. Жаңы жылда асыл максаттар, аруу  тилектердин баары ишке ашсын. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, коомубузда биримдик болсун. 2017-жыл ар бирибиз үчүн жакшылыктардын жылы болсун! ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү