24

Январь

2013

Бүгүн,  23-январда, Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Өкмөт мүчөлөрү иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча окуу  куралдарынын колдонмосунун, сөздүктөрдүн, коммуникациялык технологиялардын  көргөзмөсү менен таанышышты.  Мындан тышкары КР Өкмөтүнүн мүчөлөрүнө кыргыз тилин үйрөнүүнүн бекер онлайн курсундагы  аудио, видео методдорун камтыган  мамлекеттик тилди үйрөнүүчү интернет ресурстардын бет ачары болду. Ж.Сатыбалдиев иш кагаздарын мамлекеттик тилге этап-этабы менен өткөрүүнүн, ошондой эле мамлекеттик тилди үйрөнүүгө шарттардын түзүлүшүнүн зарылчылыгын белгиледи. Премьер-министр Өкмөт мамлекеттик тилдин өнүгүүсүн колдоорун билдирди. “Ошону менен эле катар биз орус жана англис тилдерин өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүүбүз керек”,- деди Өкмөт башчысы. Аталган иш чара КР Өкмөтүнүн Аппараты КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргелешип Улуттук Академиянын, университеттердин  илимпоздорун тартуу менен уюштурулду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү