02

Май

2015

Премьер-министр Т.Сариев Өкмөт ишинин натыйжалуулугун күчтөндүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 2-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын катышуусунда кеңешме өткөрдү. Кеңешмени ачууда Премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун күчтөндүрүү зарыл. «Өкмөттүн ар-бир мүчөсү үчүн талап катуу болот. Биз ыкчам жана мобилдүү Өкмөт болуубуз керек жана Өкмөт алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүндүгү бар экендигин далилдөөбүз керек”, — деди Темир Сариев. Ал белгилегендей, Өкмөт кеңешмеси айына 2 ирет өткөрүлүп турат, анын бири кеңейтилген форматта болот. «Ар-бир жыйында министрлер жана ведомство жетекчилери аткарылган иштер жөнүндө, пландардын жана алдыга коюлган милдеттердин ишке ашырылыш тууралуу маалымат берип турат. Вице-премьер-министрлер өз кезегинде алардын ишинин жыйынтыгы боюнча баасын беришет», — деп билдирди Өкмөт башчы. Премьер-министр мындан ары карай Өкмөт мүчөлөрүнүн ыкчам кеңешмелери өткөрүлүп тураарын, анда токтоосуз чечимдерди талап кылган маселелер каралаарын билдирди. Мындан тышкары, Темир Сариевдин айтымында, айына 2 ирет Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн аймактарга карата сапарлары уюштурулуп турат. Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын ишинин регламентинде өзгөрүүлөр болорун, тактап айтканда, иштелип жаткан документтердин сапаты жана кабыл алынып жаткан чечимдердин ыкчамдыгына өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи. Премьер Өкмөт мүчөлөрү иштелип жаткан мыйзам долбоорлорунун аткарылышы жана сапаты үчүн жеке жоопкерчиликти аларын эскертип, Өкмөт Аппаратына Өкмөт чечимдеринин аткарылышын көзөмөлгө алуу механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Мындан тышкары, Премьер-министр Экономика министрлигине ыкчам тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну, ошондой эле Өкмөттүн атамекендик бизнести маалыматтык жана уюштуруучулук жактан колдоо жана Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуу алкагында келип чыккан чакырыктарга өз мезгилинде жооп кайтаруу максатында оперативдик штабды түзүү тууралуу Өкмөт токтомунун долбоорун киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Оперативдик штабды Премьер-министр жетектемекчи. Энергетика жана өнөр-жай министрлигине кыска мөөнөттүн ичинде Коргоо кеңешинин энергетикалык тармакты башкаруу тутумундагы сунуштарын ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизүү тапшырылды. Бардык мамлекеттик органдарга өлкө жарандарынын кайрылуулары жана арыздары боюнча ишти сапаттык жактан өзгөртүү тапшырмасы берилди. «Жарандар тараптан мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун бир гана ыкмасы бар, ал – кайрылуулар жана арыздар менен иш алып баруунун сапаттуулугу болуп саналат. Биз канчалык жакшы иш алып барсак, кайрылуулардын саны ошончолук аз болот», — деди Темир Сариев жана Өкмөт Аппаратына Кыргыз Республикасынын жарандарынын бузулган укук жана эркиндиктерин калыбына келтирүү үчүн ыкчам чаралардын кабыл алынышына багытталган Премьер-министрдин мобилдик кабылдамасын уюштуруу боюнча чечим долбоорун киргизүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 54020,54021,54022,54023,54024,54025,54026" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү