06

Май

2015

Премьер-министр Т.Сариев жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» ишин жакшыртуу маселеси боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр жана министрлер Кыргызстандын транспорт тармагындагы көйгөйлөрүн талкуулады. “Кыргыз Республикасынын транспорт тармагында жакын арада чечилиши керек болгон чоң көйгөйлөр бар. Тактап айтканда, биз чоң магистралдык жолдорду: Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун, Бишкек-Нарын-Торугарт, Суусамыр-Талас-Тараз, Ош-Баткен-Исфана жолун куруу жана реконструкциялоо маселесин чечүүбүз керек», — деди Темир Сариев жана бекитилген планда каралган бардык чаралар сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышы керектигин кошумчалады. Премьер-министр КР транспорт жана коммуникациялар министрине ыкчам түрдө жер-жерлерге чыгуу иретинде республика аймагындагы жолдордун абалын мониторингдөөнү жүргүзүү тапшырмасын берди. «Кыска мөөнөттө оңдоого жана реконструкциялоого муктаж болгон жолдорду аныктоо керек. Өзгөчө көңүл облустук жана райондук борборлордун жолдоруна бөлүнүшү кажет», — деди ал. Өкмөт башчы ошондой эле көңүлдү жолдордун курулушу жана сапаты маселесине бурду. «Жаңы жолдорду салуу жана жолдорду оңдоо иши сапаттуу жүргүзүлүшү тийиш. Ошол эле учурда куруу жана реконструкциялоо иштерин үзгүлтүксүз көзөмөлдөө керек», — деп кошумчалады Темир Сариев. Ал Финансы министрлигине республика аймагындагы жолдорду куруу жана оңдоо ишин кошумча каржылоо үчүн резервдерди издештирүүнү тапшырды. «Бул максатта кошумча каражаттар табылат. Өкмөт Кыргызстандагы жолдор көйгөйүн чечүүгө колдоо көрсөтөт», — деп билдирди Премьер-министр.   Ошондой эле Премьер-министр өлкөнүн темир жол тармагына тийиштүү маселесин козгоп кетти. Темир Сариевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата бул тармакта көптөгөн көйгөйлөр, анын катарында коррупциялык схемалар, вагондордогу жана жалпы коомдук пайдалануучу жайлардагы санитардык талаптарга жооп бербөөчүлүк, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн одоно мамилеси сыяктуу көйгөйлөр бар. «Ошондой эле кассадан тышкаркы бааларды жогорулатуу менен билеттердин сатылыш фактысы орун алган. Вагон-ресторандардагы тамак-ашка карата баалар жогорулатылган; темир жолдогу контрабандалык иштер «Кыргыз темир жолу» кызматкерлеринин катышуусунда дагы ишке ашырылчу фактылар орун алган. Мындан тышкары, темир жол вокзалдарынын тейлөөсү жана ишмердүүлүгү тийиштүү деңгээлде коюлган эмес, темир жол станциялары жана перрондор техникалык жактан жетишсиз деңгээлде жабдылган. Ошондой эле алар коопсуздук талаптарына жооп бербейт», — деп кошумчалады Премьер-министр. Премьер буга байланыштуу Аргынбек Малабаевге «Кыргыз темир жолу» ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу боюнча так сунуштарды киргизүү, ички мамлекеттик темир жол каттамдарын жогорулатуу жана өнүктүрүү, ошондой эле тийиштүү транспорттук инфраструктураны түзүү тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 54203,54204,54205,54206" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү