21
Май
Премьер-министр Т.Сариев коргоо министри А.Кудайбердиев менен КР коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо маселесин талкуулады
Бүгүн, 21-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо маселеси талкууланды.
Коргоо министри министрликтин ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлеринин бейпилдикти орнотуучу миссияларга катышуусу, ошондой эле аскер кызматын өтөөсү үчүн аскерге чакыруу жана тандап алуу маселеси тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр аскерге чакыруудагы тандоо процессиндеги коррупциялык схемаларды жоюу жана өз мөөнөтүндө жана сапаттуу түрдө куралдуу күчтөрдүн жана мыйзам аркылуу аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдардын өздүк курамын толуктоо зарылдыгын билдирди. Өкмөт башчы аскердик кызматтын аброюн жогорулатууга багытталган мамлекеттик чаралар жыйындысын ишке ашырууга багытталган иш-чараларды өткөрүүнү тездетүүнү, ошондой эле аскер кадрларын даярдоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү