13
Май
2015
Премьер-министр Т.Сариев билим берүү жана илим министри менен учурдагы бир катар маселелерди талкуулады
Бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары билим берүү тутумуна тийиштүү учурдагы маселелерди талкуулады. Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдык көрүү деңгээли, жалпы билим берүү мекемелеринин абалы, ошондой эле 2015-2016-жылдарга карата республиканын жогорку окуу жайларындагы адистиктерди даярдоого берилчү гранттык орундардын бөлүштүрүлүшү маселеси көтөрүлдү.
Премьер-министр билим берүү мекемелеринде жан башына каржылоону киргизүү маселесине көңүл бурду. КР Билим берүү жана илим министрлигине жакынкы арада аталган маселе боюнча бетачарды даярдоо тапшырмасы берилди.
Ошондой эле билим берүүчү медреселерге лицензия берүү маселеси талкууланды. Министрликтин жетекчисине аталган маселени карап чыгып, аны чечүү боюнча тийиштүү механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы Эльвира Сариевага балдардын мектепке чейинки уюмдарын өзүн-өзү каржылоого өткөрүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу жана андагы балдардын толук бир күн жана күндүн белгилүү убактысында окугандыгы үчүн окутуу акысын эсептеп чыгуу маселеси жүктөлдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү