04

Май

2015

Премьер-министр Т.Сариев Чүй облусундагы дыйкан чарбаларынын иши менен таанышты

Бүгүн, 3-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаары, Чүй облусунун Чүй жана Кемин райондору боюнча иш сапарынын алкагында «Bulls KG» дыйкан чарбасынын иши менен таанышты. «Bulls KG» дыйкан чарбасы ири мүйүздүү мал өстүрүүгө, даяр продукцияны кайрадан иштетип чыгуу жана сатууга адистештирилген. Премьер-министр белгилегендей, жакынкы үч жыл аралыгында «Bulls KG» малдын башын сегиз миңге дейре жеткирүүнү пландаштырууда. «Дыйкан чарбасы ири мүйүздүү малды заманбап технология боюнча өстүрөт. Ишкана өндүрүп чыккан эт жана сүт продукциясы экологиялык жактан таза эсептелет. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусунда ал өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттой алат», — деп кошумчалады Темир Сариев. Андан соң Өкмөт башчы «Ширин-Алма» дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Фермердик чарба башчысы Нурлан Макеевдин айтымында, 434 гектар чарбанын жеринде көп жылдык алма багы отургузулат. Чарба 2017-жылы түшүм алууну жана өз продукциясын өлкө чегинен тышкары экспорттоону пландаштырууда. Темир Сариев белгилегендей, чарбанын ишинде жаңы технологиялар, анын ичинде тамчылатып сугаруу ыкмасы да пайдаланылууда. «Заманбап технологияларды пайдалануу натыйжасында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 10 эсеге жогорулайт. Натыйжада мындай ыкмаларды пайдалануу менен беш жылдан соң аянттын ар гектарынан 150 тонна алма алуу пландаштырылууда», — деди ал. Ошондой эле Премьер-министр атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алуу зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүн колдоого алуу, анын катарында күнөсканаларды жана тамчылатып сугаруу тутумун өнүктүрүү, ошондой эле фермердик чарбалар үчүн капиталдык курулуштарга уруксаат берүү боюнча чаралар жыйындысын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 54062,54063,54064,54065,54066,54067,54068,54069,54070,54071,54072,54073,54074,54075,54076,54077,54078,54079,54080,54081" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү