05

Июнь

2015

Премьер-министр Т. Сариев: “Биз алдыбыздагы маанилүү тапшырмаларды сапаттуу аткарышыбыз керек”

4-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Өкмөттүн мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун жетекчилери катышкан жыйын болуп өттү. Жыйын жүрүшүндө улуттук экономиканы чыңдоо боюнча Өкмөттүн иш-чаралар планын, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече пландары, милдеттенмелери жана протоколдук тапшырмаларды аткаруу маселелери каралды. Премьер-министр жыйынды ачып жатып, Өкмөт коомчулуктун алдында жумасына жети күн, суткасына 24 саат иштөөгө милдеттенме алганын эске салды: “Биздин биринчи даражадагы милдетибиз - Өкмөттүн планын жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жекече пландарын/милдеттенмелерин сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу. 2015-жыл Президенттин жарлыгы менен Өлкөнүн улуттук экономикасын чыңдоо жылы деп жарыяланган. Өкмөт тарабынан үстүбүздөгү жылдын февралында улуттук экономиканы чыңдоо боюнча тиешелүү план бекитилген, ага 283 иш-чара жана 54 инвестициялык долбоор киргизилген”- деди Өкмөт башчысы. Темир Сариев белгилегендей, ар бир жетекчи өз ишиндеги ар бир жуманы жана ар бир күн максималдуу жана натыйжалуу пландаштырылууга тийиш. Ошондой эле Өкмөт башчысы мындай жыйындар ырааттуу түрдө өткөрүлүп, ар бир жетекчи өзүнө тагылган милдет боюнча жоопкерчилик тартарын эскертти: “Вице-премьер-министрлерге эң маанилүү программаларды жана тармактык документтерди аткаруунун мониторингин ай сайын пландоонун негизинде уюштурууну тапшырам. Мен суроо-талап туруктуу жүргүзүлүп, ал эми анын темптери улам өсүп-өрчүй гана тургандыгына расмий түрдө убада берем”-деди Премьер-министр. Темир Сариев укуктук-ченемдик актылардын долбоорлорун ведомстволор аралык макулдашууга узак убакыт кетип жатканын көңүл буруп, бул маселени чечүү үчүн Юстиция министрлиги жана Өкмөттүн Аппараты макулдашуу процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө сунуштарды иштеп чыкканын билдирди. Ошондой эле мекемелер аралык макулдашуу боюнча жаңыдан сунушталган иш тартип менен тааныштырды: “Мындан ары ведомстволор аралык милдеттүү макулдашууну үч министрлик - Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги гана ишке ашырат. Бул министрликтер берген терс корутундудагы документтер Өкмөттүн Аппаратына кабыл алынбайт. Мындай чек коюу документти иштеп чыгуу процессинде да, кайчы пикирлерди жоюу процессинде да бардыгыбызды ишти сапаттык жактан так уюштурууга милдеттендирет”-деди Темир Сариев. Муну менен катар Өкмөт башчысы бардык жетекчилерге иш планын жума сайын пландаштырууну тапшыруу боюнча буйрукка кол койгонун жарыя кылды. Ага ылайык, ар бир өкмөт мүчөсү жумалык иш графигин Өкмөттүн «АПТА-GOV.KG» порталында жайгаштырат. Бул ар бир жетекчинин жумуш графигин өз алдынча киргизишине жана башкалардын жумуш графигин көрүүгө жол ачат. “Бул Премьер-министрге жана вице-премьер-министрлерге тейленүүчү багыттар боюнча сиздердин жумалык иш пландарыңардын мазмунунун сапатын жана аткаруу даражасын туруктуу негизде контролдоого чыныгы мүмкүнчүлүк берет”- деп белгиледи Темир Сариев. Жыйынды жаап жатып, премьер-министр өкмөт мүчөлөрүнө тапшырмаларды аткарууга убакыт аз, ал эми талап чоң экенин эскерттип, өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууну талап кылды. -“Биздин алдыбызда маанилүү тапшырмалар турат. Аларды биз сапаттуу аткарышыбыз керек”-деп жыйынтыктады Темир Сариев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү