19
Май
2015
Премьер-министр Т.Сариев биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды
Бүгүн, 19-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында учурдагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессинин жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өтчү шайлоолорго даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өттү.
Премьер-министр шайлоолорго даярдык көрүүнүн сапаттуу өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн, тактап айтканда, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, аталган маалыматтарды эске алуу менен шайлоочулардын тизмесин түзүү жана КР Жогорку Кеңешине шайлоолорду өткөрүү алкагындагы республикалык бюджетте каралган иш-чараларды өз мөөнөтүндө каржылоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кеңешменин жүрүшүндө ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевдин өлкөнүн чет жердеги дипломатиялык мекемелериндеги биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча маалыматы угулду. ТИМ башчысынын айтымында, учурда 27 мекемеде биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу жүргүзүлүүдө. «Кытай, Пакистан, Кувейт жана Иран мамлекеттеринде биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жыйынтыкталды. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча кошумча жабдууларды Россияга жөнөтүүдөбүз. Жалпысынан алганда, өлкөнүн чет жакасында жүргөн жана консулдук каттоодо турган 10 миңден ашуун кыргызстандык биометрикалык каттоодон өткөн», — деди Эрлан Абдылдаев.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алина Шаикованын айтымында, биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын жалпы саны 2 млн 517 миң адамдан ашты. Ошондой эле ал Ош, Талас жана Чүй облустарынын жети шайлоо участкаларындагы жергиликтүү кеңешке шайлоонун жүрүшүндө биометрикалык маалыматтар боюнча жарандарды идентификациялоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, КР Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 42 шайлоо участогундагы автоматтык эсептөөчү урналардын тажрыйбаланышы тууралуу маалымат берди.
Баяндамачыларды уккан соң, Премьер-министр биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге биометрикалык маалыматтарды чогултууну активдештирүү боюнча Иш-аракет планын иштеп чыгууну тапшырды. «Биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын санын 90% дейре жеткирүү зарыл”, — деп жыйынтыктады Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү