13
Май
2015
Премьер-министр Т.Сариев Баткен облусунун Баткен районунда орун алган чатакты объективдүү иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди
Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чекара кызматынын (МЧК) төрагасы Раимберди Дуйшөнбиев менен иштиктүү кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр КР МЧК үстүбүздөгү жылдын 12-майында Баткен облусунун Баткен районундагы Согмент калктуу пунктунун батыш тарабындагы Какыр жергесинде орун алган чатакты объективдүү түрдө иликтөө жүргүзүү боюнча иш-чараны уюштуруу тапшырмасын берди.
Өкмөт башчы ошондой эле Өзбекстан Республикасынын тийиштүү органдары менен биргеликте аталган чатактын келип чыгуусуна түрткү болгон себептерди жана шарттарды иликтөө боюнча иш-чараларды уюштуруу чараларын кабыл алуу тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча жергиликтүү орган жетекчилерине жергиликтүү калк арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана чектеш мамлекеттер менен чекара режимин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү