06

Май

2015

Премьер-министр Т.Сариев Бишкек шаарынын социалдык тармактарынын бир катар обьектилерин кыдырып чыкты

Бүгүн, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын социалдык тармактарынын бир катар обьектилерин кыдырып чыкты. Бишкек шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген жана карылар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесин кыдыруу алкагында Өкмөт башчы Улуу Ата-Мекендик согуштун 70-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Концерт алдында Премьер-министр белгилегендей, 9-май Кыргызстандагы эң маанилүү майрамдардын бири болуп саналат. «Согуш ардагерлери жана тылдын эмгекчилери бул жеңиштин баасы кандай экендигин жакшы билишет. Биздин аталар согушта кан кечип жүргөндүгүн биз унутпайбыз. Тилекке каршы, советтик элдин жеңишин чийип салгысы келген күчтөр бар, бирок ага карабастан, биз өтүп кеткен аталарыбыздын элесин жүрөктө сактайбыз. Бүгүнкү күндө биздин арабызда каармандык менен согушкан жана тылда күжүрмөндүк менен эмгектенген Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары бар. Мамлекет ардагерлерди бардык тараптан колдоого алуу үчүн аракетин жумшайт. Биз ардагерлер үчүн шарттарды жана ыңгайлуулук түзүүгө колдон келген күчтү жумшайбыз», — деди Темир Сариев. Мекеменин имаратын жана бөлмөлөрүн кыдырып чыгууда премьер андагы тургундардын ал-абалын сурап, мүмкүнчүлүгү чектелген жактар жана карылар үчүн реабилитациялык борбордун курулуш долбоору менен таанышты. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн 15 млн доллар зарыл. “Акыркы кездерде өз ата-энелерин ушундай мекемелерге жөнөтүп, алардын пенсиясын алып, же үйлөрүнөн кууп чыккан учурлар байкалууда. Мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн чаралар жыйындысын иштеп чыгуу зарыл. Мындай мекемелерге кайрылгандарды кабыл алууга атайы талаптарды киргизүү зарыл», — деп белгиледи Темир Сариев. Андан соң Өкмөт башчы Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаментине караштуу адистештирилген балдар үйүнө барды. Бул жай 110 балага эсептелген жана 104 бала тарбияланууда.   Мекемени кыдыруу жыйынтыгы боюнча Темир Сариев Бишкек шаарынын мэриясына адистештирилген балдар үйүнүн көйгөйүн чечүү үчүн кошумча каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды. Андан соң Премьер-министр 75 бала тарбияланып жаткан Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна барды. Анын жүрүшүндө Темир Сариев ата-энелер өз балдарын таштап кетүү учурларынын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи. Социалдык өнүктүрүү министри билдиргендей, тармактык министрликтер тарабынан 2015-2017-жылдарга карата өлкөнүн социалдык тармактагы абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы даярдалган. План алкагында жалпы республика аймагында үй-бүлөнү иликтөө менен алектенген 528 штаб түзүлгөн. «Алардын ишинин натыйжасы боюнча балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө тийиштүү айрым фактылар аныкталган», — деди Кудайберген Базарбаев. “Биз эмне себептен ата-энелер балдарын таштап кеткен жанга балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактылары орун алып жаткандыгын талдоого алуубуз зарыл. Бул көйгөй терең талдоону талап кылат. Мындай окуялардын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын ата-энелер менен, ата-энелер ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү жана ата-эненин балдар алдындагы жана балдардын ата-эненин алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл. Балдарды тарбиялоо жана туура идеологияны иштеп чыгуу маселесине жапатырмак киришүү керек», — деп жыйынтыктады Темир Сариев.

[su_carousel source="media: 54181,54182,54183,54184,54185,54186,54187,54188,54189,54190,54191,54192,54193,54194,54195,54196,54197,54198,54199,54200,54201" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү