Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев “Парламенттин гендердик теңчиликке жетишүүдөгү ролу Пекин + 20 процессинин контекстинде” эл аралык жыйынына катышты.
Жыйын учурунда Премьер-министр белгилегендей, Пекин декларациясын кабыл алган учурдан бери Кыргызстан бир катар ченемдик документтерди кабыл алды, анын ичинде республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип жаткан Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция дагы бар (CEDAW). Натыйжада Кыргызстан гендердик теңчиликти ишке ашыруу боюнча эл аралык саясый жана юридикалык милдеттенмелерди алды.
Өкмөт башчы эске салгандай, патриоттуулук, сабырдуулук жана жарандык жүрүм-турумдун негиздери түптөлчү институттардын бири – үй-бүлөнү чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы кабыл алынды. «Республикада алгач ирет гендердик теңчиликке жетүү жаатындагы узак мөөнөттүү документ – “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейинки гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегиясы” кабыл алынды. Бул стратегия республиканын көзкарандысыздыгынын 23 жылы ичинде ишке ашырылган мамлекеттик гендердик саясаттын логикалык жактан уландысы болуп саналат», — деп кошумчалады ал.
Темир Сариевдин айтымында, жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен эркектер жана аялдар үчүн бирдей укукту орнотуу көз-карашынан алып караганда прогрессивдүү болуп саналат. Гендердик жоболор КР Конституциясында, КР Эмгек жана Үй-бүлө кодексинде, КР Шайлоолор жөнүндө кодексте камтылат.
Буга катар Премьер-министр белгилегендей, республикада адам укугун калыптандыруу институту маселесинде тийиштүү көйгөйлөр орун алган. “Акыркы мезгилдерде үй-бүлө зомбулуктары көбөйүүдө, көп аял алуу жана эрте никеге туруу фактылар көбөйүүдө. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча чаралар жеке жактын, үй-бүлөнүн жана коомдун коопсуздугун коргоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Гендердик теңсиздик жана басмырлоо жаатындагы тутумдук көйгөйлөрдүн көбөйүүсү социалдык жана башкаруу механизмдердин олуттуу түрдө өзгөртүлүшүн, бийлик тараптан аталган маселеге көңүл буруунун күчөтүлүшүн талап кылат», — деди ал.
Өкмөт башчынын пикиринде, өлкө жарандарынын турмушунда орун алып жаткан көйгөйлөр жашоо-тиричиликтин көптөгөн маанилүү тармактарына тутумдуу таасир көрсөтөт. «Мисалга алсак, аялдардын иштеги жүгү балдардын тарбиясына, өнүгүүсүнө жана билим алуусуна бөлүнчү убакытка өз таасирин тийгизет. Окуучулардын жарымынан көбү жөнөкөй мисалдарга жооп бере албайт жана алардын жообунун деңгээли мамлекеттик стандарттарга жооп бербейт. Сабакка жетишүүнүн төмөнкү деңгээли ата-энелердин балдардын өнүгүүсүнө карата көңүл буруусунун жетишсиздигинен келип чыгууда. Мында балдарга карата көңүлдүн жетишсиздиги үчүн жоопкерчилик ар-бир ата-энеде жатат», — деп белгиледи Темир Сариев.
Анын пикиринде, үй-бүлөнү колдоо боюнча реалдуу жана натыйжалуу мамлекеттик чараларды кабыл алуу, Үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программанын милдеттерин жана келечегин кеңейтүү зарыл. «Анткени үй-бүлөгө инвестициялоо, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – жогорку рентабелдүү болуп саналат, анткени аялдар өзүнүн 90% чейинки кирешесин өз үй-бүлөсүнө жумшайт, өз кезегинде бул жалпы коомдун жашоосунун жакшырышына алып келет», — деди Премьер-министр.
Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия 2020-жылга дейре эсептелген. «Бул мезгилде тутумдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жана гендердик теңчилик жаатындагы абалды бир топ жакшыртуу зарыл. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү теңчилик маданиятын чыңдоо үчүн гендердик демилгелер жаатында ийкемдүү иш алып барат. Эрте үйлөнүү санын, аялдарга карата зомбулукту кыскартуу, оңдуу салттарды өнүктүрүү, ата-энелик функциясын ишке ашырууда көмөк көрсөтүү, кызматтык жана үй-бүлөлүк милдетти айкалыштыра билүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл. Гендердик саясатты ишке ашырууда ченемдик-укуктук базаны жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүүнү улантуу керек», — деди Темир Сариев жана аялзатын жаркын майрамдардын бири Энелер күнү менен куттуктады.
“Биздин мамлекетибиздин социалдык саясатынын маанилүү жана келечектүү багыттарынын бири – үй-бүлө институтун чыңдоо, эне жана бала өмүрүн, энелердин укук-кызыкчылыгын коргоо, жаш жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү бардык тараптан колдоо болуп эсептелет. Республикада көптөгөн иштер үй-бүлө институтун жана энени колдоо жаатында аткарылууда, бирок дүйнөдөгү эң ыйык жана жакын адам эсептелген энелер үчүн дагы көптөгөн алгылыктуу иштерди аткаруу милдети алдыбызда турат», — деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.
[su_carousel source="media: 55108,55109,55110,55111,55112,55113,55114,55115,55116,55117,55118,55119,55120,55121,55122" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү