04

Май

2015

Премьер-министр Т.Сариев: «Өкмөт Бишкек шаарындагы жолдордун абалын жакшыртуу үчүн кошумча каражаттарды издештирет»

Бүгүн, 3-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаары, Чүй облусунун Чүй жана Кемин райондору боюнча иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жолдордун курулушун жана алардын реконструкцияланышынын жүрүшүн көзөмөлгө алды. Сапарынын алкагында Премьер-министр Бишкек шаарындагы жолдордун курулушу жана алардын реконструкцияланышынын концепциясы менен таанышты. Концепцияга ылайык, 3 жыл аралыгында борбордук көчөлөрдү, Ауэзов жана Махатма-Ганди көчөлөрүн, Чүй проспектиндеги көпүрөлөрдү куруу жана реконструкциялоо пландаштырылууда. «Бишкек шаары республиканын борбору болуп саналат. Борбордогу негизги көйгөйлөрдүн бири — жолдордун абалы. Алардын учурдагы абалы шаардыктардын нааразычылыгын туудурууда. Бишкек шаарынын мэринин дарегине да көптөгөн сын-пикирлер түшүүдө. Борбордун жашоочулары атайы акцияларды уюштуруп, шаардык кызматтар анын абалына көңүл буруусун талап кылышууда», — деди Темир Сариев Бишкек шаарындагы жолдордун курулушу жана алардын реконструкцияланышынын концепциясы менен таанышуу учурунда. Ошондой эле ал жолдордун курулушу жана аларды реконструкциялоо сапаты дагы нааразычылыктарды жаратып жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу Өкмөт башчы өзгөчө көңүлдү жолдорду куруу жана аларды реконструкциялоонун жүрүшүн көзөмөлгө алууга буруу зарылдыгын билдирди. «Жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери өзүнө үч көрсөткүчтү: сапат, мобилизация жана көзөмөлдү камтуусу керек. Шаардык кызматтардын бардыгы бул багытта иш алып баруусу зарыл. Өкмөт дагы, мэрия дагы Бишкектеги жолдордун абалын жакшыртуу маселесин көзөмөлгө алуусу керек», — деди Темир Сариев жана жума сайын борбордук жолдордун курулушун жана алардын реконструкцияланышын мониторингдөөнү колго ала тургандыгын кошумчалады. Мындан тышкары, Премьер-министр борбордогу сугат маселесин козгоду. «Сугат менен камсыздоо маселеси өз мөөнөтүндө чечилиши керек», — деди ал. Ошондой эле Темир Сариев жолдордун капиталдык курулушу менен катар оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал билдиргендей, Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо боюнча муниципалдык ишканаларды түзүү процессин тездетүү зарылдыгын билдирди. Өкмөт башчы каржылоо маселесине тийиштүү билдиргендей, бюджетте жолдорду оңдоо жана курууга каралган каражаттар жетишсиз болуп саналат. “Өкмөт бул көйгөйдү чечүүдө кошумча каражаттарды издештирет», — деди Темир Сариев. Ошондой эле ал Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовго борбордун жашоочулары менен такай жолугушууларды өткөрүүнү жана аларга борбордук жолдорду жакшыртуу боюнча пландар тууралуу маалымдап турууну сунуштады. «Бишкек шаары борбордун макамына жооп берүүсү тийиш. Ал жалпы Кыргызстан сыймыктана турган шаарга айланышы керек», — деп билдирди Премьер-министр. Андан соң Өкмөт башчы Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо боюнча иштердин жүрүшү, ошондой эле Махатма-Ганди, Жукеев-Пудовкин жана Ауэзов көчөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты.

[su_carousel source="media: 54051,54052,54053,54054,54055,54056,54057,54058,54059" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү